МУЛТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУЛТАН - Пакистандагы шаар. Пенжабда, Чинаб д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,6 миллион (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар­лардын бири. Маанилүү жолдор тоому. Пахта­чылык өнүккөн аймактагы соода борбору. Пахта

Шаар көчөлөрүнүн бири.

тазалоо, кебез-кездеме, кыл торко токуу, тек­стиль, химиялык (жер семирткичтер даярдалат), ай­нек, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (сариге кооздоп сайма саюу, килем токуу, кебез-кездемелерге шуру бас­тыруу ж. б.) өнүккөн.