МУКАННА КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУКАННА КӨТӨРҮЛҮШҮ - араб баскынчыла­рына каршы багытталган 776-783-ж. Орто Азия­дагы элдик көтөрүлүш. Ага катышкандар душ­манынан айырмалануу үчүн ак кийим кийип чыгышкан. Ошондуктан аны жетектеген Хашим ибн-Хакимди арабдар «Муканна» (арабча - чүм­бөт жамынган адам) деп атап, көтөрүлүш та­рыхта М. к. деген ат менен калган. Ал 776-ж. Бухара ш-на жакын Наршах кыш-нда башта­лып, бат эле жеңилип калган. Ага карабай ошол эле жылы көчмөн түрк урууларынын колдоосу менен Наршах жана анын айланасындагы жергиликтүү дый­кан жана майда кол өнөрчүлөр кайрадан көтөрү­лүшкө чыккан. Араб халифатынын аскери Нар­шахты төрт ай бою камап, башкы мунараны курчаган дубалды кулатышкандан кийин гана чепке киришкен. Наршах кыш-нын башкаруу­чусу жана көтөрүлүш жетекчилери өлтүрүлгөн. Мындан кийин көтөрүлүштүн очогу Самар­канд ш. менен Кеш аймагындагы Санам чебине оогон. Самарканддагы көтөрүлүш 778-ж. чейин уланып, Санамды арабдар 783-ж. алышкан. Му­канна колго түшпөө үчүн өз жанын өзү кыйган. Бирок араб баскынчыларына каршы Муканна­ны жактоочулардын («ак кийимчен адамдар») күрөшү 12-к-га чейин уланган.

Ад.: Якубовский А. Ю. Восстание Муканны - движение людей в «белых одеждах»//Советское востоковедение. 1948. Т. 5; История таджикского народа. Т. 2, кн. 1. М., 1964.