МУКАНБЕТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУКАНБЕТОВ Экия (15. 6. 1933, азыркы Ысык­Көл обл., Түп р-ну, Талды-Суу айылы - 21. 9. 1975, Фрунзе) - комузчу, ырчы, обончу, актёр. Комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. М-дун ырчы­лык, комузчулук жана актёр­дук өнөрү мектепте окуп жүр­гөндө эле башталган. 1954- 60-жылы Туулган Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармония­сында иштеп, комузчу-атка­руучу катары К. Орозовдун «Ибарат», Ы. Тумановдун «Жаш тилек», Т. Сатылга­новдун «Чоң

кербез», комуз­чулар ансамблинде Атай­дын «Маш ботой», Айдараа­лынын «Көйрөн күү», Токтогулдун «Чайкама» ж. б. күүлөрдү чебер аткарган. 1960-75-ж. Кыр­гыз мамлекеттик драма театрында актёр болуп эмгек­тенип, түрдүү мүнөздөгү образдарды жараткан. М-дун нукура элдик куудулдук таланты Р. Шү­күрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, баш­ка жүк», «Калпак» жана өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таа­сын көрүнгөн. Театрда аткарган ролдору: Ырчы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Айдайбол (А. Та­жибаев, «Жалгыз дарак токой болбойт»), Ка­сым (Ш. Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосан (А. Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуда(Т. Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисев (М. Ибраимов, «Элет кызы»), Майрык (Ч. Айтматов, «Биринчи му­галим»), Шаршен (К. Маликов, «Осмонкул»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош») ж. б. М. - лирикалык жана балдарга арналган кайта­лангыс көп обондордун автору. «Кыялым менин кызыл гүл», «Эмне артык», «Кой, кой жигит», «Кызгалдак», «Казак кызына», «Сүйүүнүн кызыл желеги», «Бакыттын даамын бир татсак», «Өзү менен биргемин», «Тушүнсөң боло суратпай», «Сайрагүл», «Өчпөсүн менин үмүтүм», «Ак ка­йың», «Айдайлы жашоо кемесин», «Айтылбай ичте сыр калат», «Чабан жигитке» ж. б. ырла­ры кыргыздын ыр казынасын байыткан. М-дун ысмы туулган айылындагы көчөгө коюлган.