МУКАМБАЕВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУКАМБАЕВА Галина Алексеевна (25. 1. 1945-жылы туулган, Хакасия, Краснояр крайы, УстьАбакан р-ну, Доможаково айылы) - юрист, юридикалык илимдеринин доктору (1997), проф. (2006). КРдин эмг. сиң. юристи (2003). 1968-ж. КМУну бүтүргөн. 1969-жылдан КМУда окутуучу, Талас обл. сотунун төрагасынын орун басары, Чүй, КЭУ университетинде проф., КМУда кафедра башчысы, КМЮАда 1-проректор, диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары, Мамлекеттин тарыхы жана укук тармагы боюнча адис. 1993-жылдагы эгемендүү Кыргызстандын биринчи конституциясынын концепциясын даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү. 2003-ж. КР Конституциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы. 70тей илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.