МУЗЫКАЛЫК ФОРМА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКАЛЫК ФОРМА - кең мааниде музыкалык чыгарманын идеялык-эмоциялык мазмунун туюндурган музыкалык маанилүү ыкмалардын (обон, ыргак, темп, гармония ж. б.) жыйындысы. Музыкалык чыгарманын көркөмдүгү анын мазмуну менен формасынын биримдигине байланыштуу. Тар мааниде - М. ф. музыкалык чыгарманын композициялык планы, анын түзүлүшү. М. ф. ар кандай чыгармада ар түрдүү болгондугуна карабастан, тарыхый калыптанган туруктуу жалпылык, мисалы, сонаталык, вариациялык, рондо, фуга, полифониялык дагы ушул сыяктуу, ошондой эле циклдик формалар (соната, сюита, прелюдия, фантазия) бар. Циклдик форма ар түрдүү М. ф-да жазылат (көлөмдүү, полифониялык). Сонаталык форма сонатада, симфонияда, квартетте, концертте болот. Көлөмдүү вокалдык-симфониялык (оратория, кантата, месса) жана музыкалык-сахналык чыгармалар (опера, балет) бир нече бөлүмдөн турат. Алардын ар бири (увертюра, ария, ансамблдер) белгилүү М. ф-да жазылат (мисалы, ария рондо формасында).
Ад.: Способин И. В. Музыкальная форма. 5-е изд. М., 1984; Холопова В. Н. Формы музыкальных произведений. М., 2006; Холопов Ю. Н. Введение в музыкальную форму. М., 2008.