МУЗЫКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗЫКА </strong>(<abbr data-short="гр." data-full="грекче" data-extended="true">грекче</abbr> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗЫКА </strong>(<abbr data-short="гр." data-full="грекче" data-extended="true">грекче</abbr> musike - музалар өнөрү) - исквонун бир түрү. Добуш салуу, обон жаратуу көркөм өнөрү; айлана-чөйрөнү добуш аркылуу көркөм чагылдыруу, адамдын ички дүйнөсүн добуштун, үндүн жардамы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> алардын бийиктик, ыргактык, тембрдик ж. б. касиеттерин айкалыштыруу аркылуу көркөм жыйынтыктоого жетишүү, чыгарма жаратуу өнөрү. М. адамдын дилиндеги ар кандай ой-сезимдерди ачып беро алат <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> эмоциялык таасири аркылуу бүткүл адамзат тарыхында коомдук идеялык, маданий-тарбиялык маанилүү роль аткарат. М. белгилүү бир адабий чыгарманын мазмунуна (сюжетине) негизделип жаралат. Турмушта кездешүүчү башка үндөрдөн <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> үндөрдүн айырмасы алардын бийиктик <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> убакыттык (ыргактык) катнаштары жагынан өтө тактыгында. М-нын пластикалык өнөрдөн, <abbr data-short="ад-т" data-full="адабият" data-extended="true">адабият</abbr>тан, театрдан айырмасы - образдарды үн каражаттары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> гана сүрөттөгөнүндө. М-да эпикалык, драмалык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> лирикалык мазмун, айрыкча лирикалык ой-сезимдер, таасирлер көбүрөөк баяндалып, жагымдуу образдар басымдуулук кылат. АнДа байыртан, айрыкча романтизм доорунан баштап терс образдар да (ирония, карикатура, гротеск) туюнтулат. Ар кайсы кылымда улуттук М. белгилүү типте калыптанган үн кайрыктары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> мүнөздөлөт. Бул үн кайрыктары ошол доордун <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> улуттун <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> «тили» деп айтылат. <abbr data-short="Муз." data-full="Музыкалык" data-extended="true">Музыкалык</abbr> «тилдердин», көбүнчө тондордун бийиктик катыштары <em>ладдын,</em> ал эми убакыттык катыштары метрдин негизинде жүрөт. <abbr data-short="Муз." data-full="Музыкалык" data-extended="true">Музыкалык</abbr> үндөр белгилүү мыйзам ченемде куюлушуп, обонду пайда кылат. Обон - М-нын эң жөнөкөй <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> алгачкы формасы, негизги өзөгү (к. <em>Обон).</em> Музыканын негизги элементтери <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> көркөм каражаттары: лад, ыргак, метр, темп, динамика, тембр, обон, гармония, полифония, аспапташтыруу. М. нотага түшүрүлүп аткарылат. Адамдын <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> жөндөмү негизинен <abbr data-short="чыг-лык" data-full="чыгармачылык" data-extended="true">чыгармачылык</abbr> (музыка жазуу), аткаРУУчулук (к. <em>Музыкалык аткаруу)</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кабылдоо деп үч түргө бөлүнөт. Бул үчөө музыканы жайылтуу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> пропагандалоо, <abbr data-short="ил.-из." data-full="илим-изилдөө" data-extended="true">илим-изилдөө</abbr>, <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> сын (к. <em>Музыка таануу),</em> <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> кадрларды даярдоо иш-чаралары коомдук <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr>ты түзөт. <abbr data-short="Муз." data-full="Музыкалык" data-extended="true">Музыкалык</abbr> <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr> ар бири өзүнө таандык белгилери бар чыглык түрлөргө бөлүнөт: 1) мазмуну жагынан лирикалык, эпикалык, драмалык, баатырдык, трагедиялык М., <abbr data-short="б. а." data-full="башкача айтканда" data-extended="true">башкача айтканда</abbr> - олуттуу <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>жеңил музыка; 2)</em> аткаруучулук жагынан-вокалдык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> аспаптык музыка, <abbr data-short="б. а." data-full="башкача айтканда" data-extended="true">башкача айтканда</abbr> жеке аткарылуучу, ансамблдик, оркестрдик, хордук, аралаш М.; 3) <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr>нун башка түрлөрү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге театр музыкасы, бий музыкасы, программалуу-аспаптык, мелодрама (музыка фонунда көркөм окуу) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> сөз <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> айтылуучу вокалдык М.; 4) аткарылыш ордуна карай - оюн-зоок (<abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> театр, драмалык театр, кино М-сы), концерттик (<abbr data-short="симф." data-full="симфониялык" data-extended="true">симфониялык</abbr>, камералык, эстрадалык), көпчүлүк-турмуштук (ыр, бий) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> үрп-адат М-сы (чиркөө ырлары ж. б.); 5) композициялык түзүлүшү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> «тили» <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> бир бөлүмдүү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> циклдик жанрлар болот. <abbr data-short="Мис." data-full="Мисалы" data-extended="true">Мисалы</abbr>, оюн-зоок М-сы - <em>опера, балет, оперетта</em> ж. б.; концерттик М. - <em>симфония, сюита, увертюра,</em> поэма, аспаптык концерт, <em>оратория,</em> кантата, трио, квартет, романс ж. б.; үрп-адат М. - хорал, месса, реквием ж. б. Бул жанрлардын ар бири өз ара жанрдык түрлөргө бөлүнөт, <abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, операда, опереттада, оратория <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кантатада <em>ария, хор;</em> балетте <em>адажио</em> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жеке бийленүүчү <em>вариация;</em> симфонияда, сонатада, камералык-аспаптык ансамблде <em>анданте </em><abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>скерцо</em> ж. б. кездешет.</p><p>Батыш Европада 6-7-к-да бир үндүү чиркөө ырлары, кийин көп үндүү ырлар, вокалдык (хор) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> вокалдык-аспаптык чыгармалар (хор <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> орган) калыптанган. 12-к-да Францияда алгач композитор мектеби (Париж Теңир эне соборунда), 18-к-дын 1-жарымында опера театры, </p><p>филармония (концерттик) коому ж. б. <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> мекемелер түзүлгөн. Жаалуу кыл аспап түрлөрү (скрипка, виолончель), алгачкы фортепиано (1709, Б. Кристофори, Италия) пайда болгон. <abbr data-short="Муз." data-full="Музыкалык" data-extended="true">Музыкалык</abbr> билим берүү (Италия консерваториясы) өркүндөп, <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> илимден <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> сын бөлүнүп чыккан (И. Маттезон, Германия 18-к-дын башы). Вокалдык аспаптык жанрдан опера (Италия, Франция, Англия), оратория (Германия, Италия, Англия), кантата (И. С. Бах), <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> жаңы аспаптык жанрлар - оркестрлик <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жеке концерт (А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини, И. Вах, Г. Гендель), камералык ансамблде <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жеке аткарылуучу соната (Ж. Витали, А. Корелли, Д. Скарлатти), орган (Ж. Фрескобальди, Д. Букстехуде, И. Бах, Г. Гендель) <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> клавесин М-сы (Англия - У. Берд, Ж. Булл ж. б., Франция - Ф. Куперен, Ж. Рамо) өнүккөн, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> бий сюитасы, симфония <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> соната (Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен), балет (К. Глюк, Л. Бетховен) өзүнчө жанр катары калыптанган. 19-к. улуттук композиторлор мектебинин гүлдөө мезгили болду, <abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, орус (негиз салуучусу М. И. Глинка), поляк (Ф. Шопен, С. Монюшко), чех (Б. Сметана, А. Дворжак), венгр (Ф. Эркель, Ф. Лист). 19-к-дын <em>2- </em>жарымында орус М-сында П. И. Чайковский <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> <em>«Кубаттуу топтун»</em> композиторлорунун (М. А. Балакирев, А. П. Бородин, М. П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков, Ц. А. Кюи) ишмердиги айрыкча көрүнгөн. 20-к-дын дүйнөлүк <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> өнөрүндө <abbr data-short="сов." data-full="советтик" data-extended="true">советтик</abbr> М-га зор роль таандык. Көптөгөн көрүнүктүү композиторлор: Н. Я. Мясковский, Ю. А. Шапорин, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович, Т. Н. Хренников, Д. Б. Кабалевский, <abbr data-short="А. И." data-full="Анын Ичинде" data-extended="true">Анын Ичинде</abbr> Хачатурян, Н. Г. Свиридов, Р. К. Щедрин, Е. Г. Брусиловский, К. Караев ж. б. өсүп чыккан.</p><p>Кыргыз М-сы элдин эзелтен берки тарыхын түркүн жанрлар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> чагылдырып келген. Токтогул, Муратаалы, Карамолдо, Ыбрай, Атай сыяктуу залкар комузчулар ар кандай окуяны, эл мүдөөсүн күүгө салып, журтчулукка тартуулаган. Мындан тышкары ырчылык өнөр да (айтыш, кошок ж. б.) <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr>тын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бул айрыкча <em>Эшмамбет, Калык, Алымкул, Муса, Мыскал</em> өңдүү аткаруучулардын өнөрүнөн көрүнөт. Кыргыз профессионал М-нын өнүгүшүнө А. Малдыбаев, А. Түлеев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Н. Давлесов өндүү композиторлордун кошкон үлүшү зор. Алар улуттук <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr>ты өнүктүрүүдө зор эмгек кылышты.</p><p>Ад.: <em>Алагушев</em> Б. Кыргыз композиторлору. Ф., 1969; <em>Розеншильд</em> К. История зарубежной музыки. В. 1-е, 3-е изд. М., 1973. Кыргыздын <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> аспаптары. Ф., 1975; Комузчулар өнөрү. Ф., 1976; Музыкальная энциклопедия, Т. 1. М., 1976. <em>Михайлов А. В.</em> Музыка в истории культуры. М., 1995; <em>Алагушов</em> Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Музыкакак форма интеллектуальный деятельности. 2-е изд. М., 2009. <em>Б. Алагушов.</em></p> | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКА (грекче musike - музалар өнөрү) - исквонун бир түрү. Добуш салуу, обон жаратуу көркөм өнөрү; айлана-чөйрөнү добуш аркылуу көркөм чагылдыруу, адамдын ички дүйнөсүн добуштун, үндүн жардамы менен алардын бийиктик, ыргактык, тембрдик ж. б. касиеттерин айкалыштыруу аркылуу көркөм жыйынтыктоого жетишүү, чыгарма жаратуу өнөрү. М. адамдын дилиндеги ар кандай ой-сезимдерди ачып беро алат жана эмоциялык таасири аркылуу бүткүл адамзат тарыхында коомдук идеялык, маданий-тарбиялык маанилүү роль аткарат. М. белгилүү бир адабий чыгарманын мазмунуна (сюжетине) негизделип жаралат. Турмушта кездешүүчү башка үндөрдөн музыкалык үндөрдүн айырмасы алардын бийиктик жана убакыттык (ыргактык) катнаштары жагынан өтө тактыгында. М-нын пластикалык өнөрдөн, адабияттан, театрдан айырмасы - образдарды үн каражаттары менен гана сүрөттөгөнүндө. М-да эпикалык, драмалык жана лирикалык мазмун, айрыкча лирикалык ой-сезимдер, таасирлер көбүрөөк баяндалып, жагымдуу образдар басымдуулук кылат. АнДа байыртан, айрыкча романтизм доорунан баштап терс образдар да (ирония, карикатура, гротеск) туюнтулат. Ар кайсы кылымда улуттук М. белгилүү типте калыптанган үн кайрыктары менен мүнөздөлөт. Бул үн кайрыктары ошол доордун жана улуттун музыкалык «тили» деп айтылат. Музыкалык «тилдердин», көбүнчө тондордун бийиктик катыштары ладдын, ал эми убакыттык катыштары метрдин негизинде жүрөт. Музыкалык үндөр белгилүү мыйзам ченемде куюлушуп, обонду пайда кылат. Обон - М-нын эң жөнөкөй жана алгачкы формасы, негизги өзөгү (к. Обон). Музыканын негизги элементтери жана көркөм каражаттары: лад, ыргак, метр, темп, динамика, тембр, обон, гармония, полифония, аспапташтыруу. М. нотага түшүрүлүп аткарылат. Адамдын музыкалык жөндөмү негизинен чыгармачылык (музыка жазуу), аткаРУУчулук (к. Музыкалык аткаруу) жана кабылдоо деп үч түргө бөлүнөт. Бул үчөө музыканы жайылтуу жана пропагандалоо, илим-изилдөө, музыкалык сын (к. Музыка таануу), музыкалык кадрларды даярдоо иш-чаралары коомдук музыкалык маданиятты түзөт. Музыкалык маданият ар бири өзүнө таандык белгилери бар чыглык түрлөргө бөлүнөт: 1) мазмуну жагынан лирикалык, эпикалык, драмалык, баатырдык, трагедиялык М., башкача айтканда - олуттуу жана жеңил музыка; 2) аткаруучулук жагынан-вокалдык жана аспаптык музыка, башкача айтканда жеке аткарылуучу, ансамблдик, оркестрдик, хордук, аралаш М.; 3) искусствонун башка түрлөрү менен бирге театр музыкасы, бий музыкасы, программалуу-аспаптык, мелодрама (музыка фонунда көркөм окуу) жана сөз менен айтылуучу вокалдык М.; 4) аткарылыш ордуна карай - оюн-зоок (музыкалык театр, драмалык театр, кино М-сы), концерттик (симфониялык, камералык, эстрадалык), көпчүлүк-турмуштук (ыр, бий) жана үрп-адат М-сы (чиркөө ырлары ж. б.); 5) композициялык түзүлүшү жана музыкалык «тили» боюнча бир бөлүмдүү жана циклдик жанрлар болот. Мисалы, оюн-зоок М-сы - опера, балет, оперетта ж. б.; концерттик М. - симфония, сюита, увертюра, поэма, аспаптык концерт, оратория, кантата, трио, квартет, романс ж. б.; үрп-адат М. - хорал, месса, реквием ж. б. Бул жанрлардын ар бири өз ара жанрдык түрлөргө бөлүнөт, мисалы, операда, опереттада, оратория менен кантатада ария, хор; балетте адажио жана жеке бийленүүчү вариация; симфонияда, сонатада, камералык-аспаптык ансамблде анданте жана скерцо ж. б. кездешет.
Батыш Европада 6-7-к-да бир үндүү чиркөө ырлары, кийин көп үндүү ырлар, вокалдык (хор) жана вокалдык-аспаптык чыгармалар (хор жана орган) калыптанган. 12-к-да Францияда алгач композитор мектеби (Париж Теңир эне соборунда), 18-к-дын 1-жарымында опера театры,
филармония (концерттик) коому ж. б. музыкалык мекемелер түзүлгөн. Жаалуу кыл аспап түрлөрү (скрипка, виолончель), алгачкы фортепиано (1709, Б. Кристофори, Италия) пайда болгон. Музыкалык билим берүү (Италия консерваториясы) өркүндөп, музыкалык илимден музыкалык сын бөлүнүп чыккан (И. Маттезон, Германия 18-к-дын башы). Вокалдык аспаптык жанрдан опера (Италия, Франция, Англия), оратория (Германия, Италия, Англия), кантата (И. С. Бах), ошондой эле жаңы аспаптык жанрлар - оркестрлик жана жеке концерт (А. Корелли, А. Вивальди, Ж. Тартини, И. Вах, Г. Гендель), камералык ансамблде жана жеке аткарылуучу соната (Ж. Витали, А. Корелли, Д. Скарлатти), орган (Ж. Фрескобальди, Д. Букстехуде, И. Бах, Г. Гендель) жана клавесин М-сы (Англия - У. Берд, Ж. Булл ж. б., Франция - Ф. Куперен, Ж. Рамо) өнүккөн, ошондой эле бий сюитасы, симфония жана соната (Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен), балет (К. Глюк, Л. Бетховен) өзүнчө жанр катары калыптанган. 19-к. улуттук композиторлор мектебинин гүлдөө мезгили болду, мисалы, орус (негиз салуучусу М. И. Глинка), поляк (Ф. Шопен, С. Монюшко), чех (Б. Сметана, А. Дворжак), венгр (Ф. Эркель, Ф. Лист). 19-к-дын 2- жарымында орус М-сында П. И. Чайковский менен «Кубаттуу топтун» композиторлорунун (М. А. Балакирев, А. П. Бородин, М. П. Мусоргский, Н. А. Римский-Корсаков, Ц. А. Кюи) ишмердиги айрыкча көрүнгөн. 20-к-дын дүйнөлүк музыкалык өнөрүндө советтик М-га зор роль таандык. Көптөгөн көрүнүктүү композиторлор: Н. Я. Мясковский, Ю. А. Шапорин, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович, Т. Н. Хренников, Д. Б. Кабалевский, Анын Ичинде Хачатурян, Н. Г. Свиридов, Р. К. Щедрин, Е. Г. Брусиловский, К. Караев ж. б. өсүп чыккан.
Кыргыз М-сы элдин эзелтен берки тарыхын түркүн жанрлар менен чагылдырып келген. Токтогул, Муратаалы, Карамолдо, Ыбрай, Атай сыяктуу залкар комузчулар ар кандай окуяны, эл мүдөөсүн күүгө салып, журтчулукка тартуулаган. Мындан тышкары ырчылык өнөр да (айтыш, кошок ж. б.) музыкалык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бул айрыкча Эшмамбет, Калык, Алымкул, Муса, Мыскал өңдүү аткаруучулардын өнөрүнөн көрүнөт. Кыргыз профессионал М-нын өнүгүшүнө А. Малдыбаев, А. Түлеев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Аманбаев, Т. Эрматов, Н. Давлесов өндүү композиторлордун кошкон үлүшү зор. Алар улуттук музыкалык маданиятты өнүктүрүүдө зор эмгек кылышты.
Ад.: Алагушев Б. Кыргыз композиторлору. Ф., 1969; Розеншильд К. История зарубежной музыки. В. 1-е, 3-е изд. М., 1973. Кыргыздын музыкалык аспаптары. Ф., 1975; Комузчулар өнөрү. Ф., 1976; Музыкальная энциклопедия, Т. 1. М., 1976. Михайлов А. В. Музыка в истории культуры. М., 1995; Алагушов Б. Кыргыз музыкасы. Энциклопедия. Б., 2007. Музыкакак форма интеллектуальный деятельности. 2-е изд. М., 2009. Б. Алагушов.