МУЗ-ТӨР КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗ-ТӨР КӨЛҮ Талас Ала-Тоосунун түштүк-чыгыш капталында, Ит-Агар суусунун алабында жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 3010 м бийиктеги тепши сымал төрдүн таманын ээлеп жатат. Уз. 650 м, эң жазы жери 450 м, аянты 0,195 км2. Көлөмү 1,82 миллион м?. Эң терең жери 23 м. Түндүк- батыш тарабындагы морена жалчасы көлдү бөгөп турат. Көлдүн түсү чаңгыл жашыл келип, тунуктугу 1,7 м (орто бөлүгү). Кар жана мөңгү сууларынан толукталат. Жээги тик, таштуу. Түндүк-чыгыш бөлүгүнөн бөгөттү жиреп, суу агып чыгат. М.-Т. к-нөн 200 м жогору, деңиз деңгээлинен 3315 м бийиктикте дагы бир чакан көл бар. Анын уз. 288 м, эң жазы жери 160 м. Көлдөн босого аркылуу агып чыккан суу бийикт. 60 м келген граниттүү кашаттан агып түшүп, кооз шаркыратманы пайда кылат.