МУЗ ЖАРГЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУЗ ЖАРГЫЧ - навигацияга жол ачуу үчүн муз жаруучу атайын кеме. Анын тумшугу, борт­тору өтө бышык, кыймылдаткычы өтө күчтүү. М. ж-тын милдети - башка кемелерди муздуу деңизден өткөрүү, аларга жардам берүү. Деңиз

Ямал атом музыкалык жаргычы. 2009.

М. ж-ы (арктикалык), көл, дарыя жана рейддик, порттук болуп айырмаланат. Анын тумшугу музду өзүнүн оордук күчү менен сындырууга, муз сыныктарын түртүүгө, шилеп же чөктүрүүгө ылайык констр-ланат. Алгачкы советтик «Ленин» М. ж-ы 1959-ж. сууга түшүрүлгөн, ал биринчи аскердик эмес атом кемеси болуп эсептелет. Ал эми 1975-ж. 17-августта советтик «Арктика» атом М. ж-ы дүйнөдө биринчи жолу эксперименттик каттам менен Түндүк уюлдун географиялык чекитине жетип, кайра келген.