МУЗ ЖАРГЫЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗ ЖАРГЫЧ - навигацияга жол ачуу үчүн муз жаруучу атайын кеме. Анын тумшугу, борттору өтө бышык, кыймылдаткычы өтө күчтүү. М. ж-тын милдети - башка кемелерди муздуу деңизден өткөрүү, аларга жардам берүү. Деңиз
М. ж-ы (арктикалык), көл, дарыя жана рейддик, порттук болуп айырмаланат. Анын тумшугу музду өзүнүн оордук күчү менен сындырууга, муз сыныктарын түртүүгө, шилеп же чөктүрүүгө ылайык констр-ланат. Алгачкы советтик «Ленин» М. ж-ы 1959-ж. сууга түшүрүлгөн, ал биринчи аскердик эмес атом кемеси болуп эсептелет. Ал эми 1975-ж. 17-августта советтик «Арктика» атом М. ж-ы дүйнөдө биринчи жолу эксперименттик каттам менен Түндүк уюлдун географиялык чекитине жетип, кайра келген.
