МРАМОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МРАМОР, м а р м а р (грекче marmaros - жылты­рак таш) - доломит же акиташ тегинин кайра­дан кристаллданышынан пайда болгон метамор­физмделген тоо тек; майда, орто, ири кристалл­дуу карбонат. Негизинен кальцит минералынан түзүлөт. Кошунду түрдө М-до кварц, халцедон, гематит, пирит, лимонит, органикалык зат­тар кездешет. Мындай кошунду­лар М-дун коозду­гун арттырат же кемитет. Салыштырма салмагы 2,65-2,90; кысым­га болгон кар­шылыгы 500- 2500 кгс/см2; сү­рүлгүчтүгү 0,40тан 320 г/см2те чейин; суу сиңи­риши 0,15-0,50%. Өңү-түсү курамындагы ко­шундуларга жараша өзгөрүп турат. Көбүнчө ак, көгүш, кызгылтым, каралжын түстө кездешет. Сайкалдагандан кийин өтө кооз көрүнөт. Куру­луш иштеринде, скульптурада,

архитектурада ж. б. колдонулат. Кыргызстанда бир нече (Чычкан, Арым ж. б.) кендери бар.