МРАМОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МРАМОР, м а р м а р (грекче marmaros - жылтырак таш) - доломит же акиташ тегинин кайрадан кристаллданышынан пайда болгон метаморфизмделген тоо тек; майда, орто, ири кристаллдуу карбонат. Негизинен кальцит минералынан түзүлөт. Кошунду түрдө М-до кварц, халцедон, гематит, пирит, лимонит, органикалык заттар кездешет. Мындай кошундулар М-дун кооздугун арттырат же кемитет. Салыштырма салмагы 2,65-2,90; кысымга болгон каршылыгы 500- 2500 кгс/см2; сүрүлгүчтүгү 0,40тан 320 г/см2те чейин; суу сиңириши 0,15-0,50%. Өңү-түсү курамындагы кошундуларга жараша өзгөрүп турат. Көбүнчө ак, көгүш, кызгылтым, каралжын түстө кездешет. Сайкалдагандан кийин өтө кооз көрүнөт. Курулуш иштеринде, скульптурада,

архитектурада ж. б. колдонулат. Кыргызстанда бир нече (Чычкан, Арым ж. б.) кендери бар.