МӨӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МӨӨР - 1) о. кылымдан Октябрь революция­сына (1917) чейин бийлик тепкичинде турган 0. Азиядагы хан, бек, казы ж. б. бийлер өз буй­ругун (өкүм, чечим) аныктоо үчүн пайдаланган атайын өздүк белги. Кыргызда көбүнчө манап­бий, болуш жана молдолор колдонгон. Мисалы, Бай­тик, Жантай, Ормон хан, Шабдан ж. б. өкүм­дарлардын өздүк М-ү болгон. М. коло, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдардан ар түрдүү формада (тегерек, ромб ж. б.) жасалып, бетине ээсинин аты жана ар кандай ураан, кээ бирде аяттан алынган сөздөр түшүрүлгөн; 2) мамле­кеттердин бийлик органдарынын буйрук-чечим­дерин тастыктоо, ишкана-мекемелердин иш­мердүүлүгүн аныктоо үчүн колдонулуучу белги. СССРдин тушунда М. (печать) милдеттүү түрдө бирдей мамлекеттик формада (тегерек) жасалып, орто ченинде өлкөнүн гербй, айланасында өлкөнүн аталышы түшүрүлгөн жана жеке адамдардын аты­нан пайдаланууга уруксат берилген эмес. Азыр­кы учурда мамлекеттик органдардан тышкары жеке ишкана, менчик фирмалардын да М-ү болушу милдеттендирилген.