МӨМӨ БАК ПИТОМНИГИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МӨМӨ БАК ПИТОМНИГИ - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү өстүрүлүүчү жер. Мамлекеттик (мекемеге, ведомствого, окуу жайына ж. б. караштуу) жана жеке менчик М. б. п. болу­шу мүмкүн. М. б. п. крчөт алуучу (урук се­билүүчү, өнүп чыккан көчөт суюлтулуп отургу­зулуучу), калыптандырылуучу (кыйыштырыл­ган көчөт өстүрүлүүчү), өркүндүк урук берүүчү, вегетациялык жол менен көбөйүүчү, кыйышты­руу үчүн өркүн же калемче алынуучу, ошондой эле кооз­дук өсүмдүктөр ж. б. өстүрүлүүчү бөлүктөрдөн турат. Өсүмдүктөр М. б. п-нде агротехникалык эрежеге ылайык ырааттуулук менен алмаштырылып, ко­торуштуруп эгүү системасы колдонулат.