МӨМӨ БАГЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МӨМӨ БАГЫ - 1) белгилүү бир жерге отургузулган мөмө дарактар; 2) көп жылдык мөмө дарактар отургузулган жер бөлүгү. М. б-нын түшүмдүүлүгү жерге жараша болот. Ошондуктан ар бир чарбада М. б. отургузулуучу жердин рельефи, топурагынын курамы, суунун болушу ж. б. ар тараптан изилденип, бактын өндүрүштүк багыты аныкталат, мөмө сактоочу, иштетүүчү ж. б. курулуштарды куруу пландаштырылат. Өтө эңкейиш, дөңсөө же өтө ойдуң жерге М. б-н отургузууга болбойт. Алма, алмурут, чие жана кайналыны рельефтин түндүк же түндүк-батыш жагы, ал эми ысыкта жакшы өсүүчү дарактарды (мисалы, шабдалы, анжыр ж. б.) түштүк жак эңкейишине отургузган жакшы. Өзгөчө курдүү, борпоң, сууну жакшы сиңирүүчү топуракка отургузулган М. б. көп түшүм берет. М. б. отургузулуучу жерде зыяндуу туздар (айрыкча хлорид жана сульфат) болбош керек. Эмен, грек жаңгагы, жапайы алма, алмурут, ошондой эле чанактуу өсумдүк, уруктуу чөп өскөн жерлерге отургузулат. М. б-н отургузууда топурактын, климаттын өзгөчөлүгү, көчөттүн породасы, сорту ж. б. эске алынып, ошол зонага райондоштурулган сорттор гана отургузулат.
Ад.: Основы плодоводства Киргизстана/Под редакциялык Э. 3. Гареева. Ф., 1971.