МОЮЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЮЛ (Рабиз) - өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Анча бийик эмес дарак жана бадал. М-дун 15 (башка маалыматтар боюнча 27) түрү белгилүү. Негизинен Евразия жана Түндүк Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө 4-5 түрү, Кавказда, Борбордук Азияда, Түштүк

Сибирде кездешет. Көбүнчө токойдун нымдуу жеринде, суу боюнда өсөт. М-дун жалбырагы жөнөкөй, кезекте­шип жайгашат. Гүлү ак, жыттуу, чачы топ гүлгө чо­гулган. Чымын­чиркейлер аркы­луу чаңдашат. Мөмөсү - ширелүү, кара, майда жемиш, тамак-ашка пайдаланылат. Мөмөсүнүн кайнатма ширеси ич өткөккө, жыгачы эмерек жасоого колдонулат. Уругу жана тамыры же бүчү­рүнөн көбөйөт. М. коргоочу токойдо тигилет.