МОЧАЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЧАЛОВ Павел Степанович [3 (15). 11. 1800, Москва - 16. (28). 3. 1848, ошол жер] - орус актёру, орус романтизминин көрүнүктүү өкүлү. Актёрдун үй-бүлөсүнөн. 1817-жылдан Москва театрында (азыркы Кичи театр) иштеген.

Социалдык теңсиздикке каршы күрөш­көн көптөгөн каармандар­дын образын түзгөн: Гам­лет, Отелло, Король Лир (Шекспир, «Гамлет», «Отел­ло», «Король Лир»), Чац­кий (А. Грибоедов, «Акыл азабы»), Фердинанд жана Карл Моор (Ф. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү», «Каракчы») ж. б. ролдорду аткарып, кейипкердин ички дүйнөсүн чебердик менен ачып берген. Анын талантын Н. В. Гоголь, М. Ю. Лермонтов, И. С. Тургенев, А. Н. Островский жогору баалашкан.

Ад.: Ласкина М. Н. П. С. Мочалов: летопись жизни и творчества. М., 2000.