МОТИВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОТИВ (латынча moveo - жылдыруу дегенден; фр. - күү, обон) -1) адабиятта сюжеттин эң жөнөкөй элементи (деталы); сюжеттеги каар­мандардын кандайдыр бир иш-аракеттерди ат­карышынын себептери, ошол ишти аткарууга түрткү берген психол. жагдайлар. Мисалы, каар­мандын аңчылыкка чыгышынын М-и, кайып болуп кетишинин М-и ж. б. М-дерди туура изилдөө чыгарманын идеялык-тематикалык бүтүндүгүн туура түшүнүүгө жардам берет; 2)көркөм өнөрдө композициянын жасалга-көркөм буюмдар башкы материал ка­тары пайдаланылган же берилген бөлүгүнүн не­гизгиси болуп алынган элемент. Белгилүү бир мүнөз, образ, мазмунду алып жүрүүчү (көп учур­да табият көрүнүшү), сейрек учурай турган ку­булуш. Живописчинин иши үчүн чыныгы жана мазмундуу М-ди издөө өзгөчө маанилүү; 3) музыкалык структурадагы эң кичине элемент (к. Музыка­лык форма).

Ад.: Силантъев И. В. Мотив в системе художест­венного повествования: проблемы теории и анализа. Новосиб., 2001.