МОСКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОСКОВ Николай Андрианович (4. 12. 1897, Астрахань обл., Икряненский р-ну, Бахтемир айылы - 1981, Бишкек) - милициянын 2 ран­гадагы комиссары (генерал-лейтенант, 1960). СССР ИИМдин Могилёв борбордук жогорку мекте­бин бүткөн (1933). 1919-22-ж. Украинада Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөн. 1925-28-ж. Днепр обл-нда аймактык милициянын началь­ниги, 1928-30-ж. Новомосковск ш-нда мили­циянын райондук бөлүмүнүн начальниги, 1935- 37-ж. Днепр обл. милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1937-40-ж. Пол­тава обл. милиция башкармалыгынын началь­ниги, 1940-41-ж. Латвия ички иштер эл комис­сарынын орун басары, 1941-49-ж. Воронеж

обл. милиция башкармалы­гынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1949- 54-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министри, милиция башкармалыгынын началь­ниги-министрдин орун баса­ры, 1954-60-ж. Кыргыз ССР ички иштер министри болуп иштеген. Кыргыз ССР Жо­горку Советинин депутаты.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ор­дендери жана медалдар менен сыйланган.