МОСКВА РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОСКВА РАЙОНУ - Чүй обл-нун батыш бөлүгүндөгү администрациялык-аймактык бирдик. 1965-ж. уюшулган. 1965-90-ж. респ-га тикелей баш ийип турган.
Түндүгүнөн Казакстан Респ., түштүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосунун кыры аркылуу Суусамыр өрөөнү, батышынан Жайыл, чыгышынан Сокулук р-ндору менен чектешип, ичке тилке түрүндө түндүктөн түштүктү карай созулуп жатат. Аянты 1,5 миң кмг. Калкы 86,1 миң (2012). Борбору - Беловодский кыш. (21,3 миң).
Район Чуй өрөөнунун Кыргызстанга тиешелүү бөлүгүнүн батыш жагында жайгашкан. Түндүк бөлүгү Чуй д-нын жээгинен (бийикт. 596 м) башталып, туштүктө Кыргыз Ала-Тоосунун (бийикт. 3000 м) кырынан бүтөт. Жеринин жарымын Кыргыз Ала-Тоосу жана анын адырлары ээлейт. Түндүк тарабы түзөң. Кен байлыктарынан курулуш материалдары, минералдуу суулары [Ак-Суу (ЖарТаш) минералдуу суусу] бар. Климаты континенттик. Январдын орт. температурасы -5°...-9°С, июлдуку 20-25°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Топурагы өсүмдүктөрү бийиктик алкак- ТУУЛУК боюнча өзгөрөт.

Аймагынан Ак-Суу суусу агып өтөт. Алабында жалпы аянты 4,21 км2' ге жеткен 77 майда көл бар. Түзөң бөлүгү жана тоо этегиндеги адырлары боз топурактуу келип, талаа өсүмдүктөру (шыбак, эрмен, ыраң ж. б.) өсөт. Тоо этектериндеги адырлардан баштап, 1500 м бийиктикке чейин шалбаа, андан жогору альп жана субальп өсүмдүктөрү, тоо чокуларында кар, мөңгү жатат. Тоо капталдарынын тескейинде сейрек арча өсөт.
<thead></thead><tbody></tbody>1. | Т өлөк | 7. | Сретенка |
|---|---|---|---|
2. | Беш-Терек | 8. | Садовый |
з. | Целинный | 9. | Александровка |
4. | Чапаев атындагы | 10. | Петровка |
5. | Биринчи Май | 11. | Беловодский |
6. | Предтеченка | 12. | Ак-Суу |
Райондун аймагында облустун калкынын 10,4% и жашайт. Анын 50,4% и - эркектер, 49,6%иаялдар. Калктын дээрлик бардыгы - элеттиктер. Кыргыз
(жалпы калктын 33,6%ин түзөт), орус (33,1%), дуңган (16,1%), украин (6,1%), өзбек (2,1%), казак (1,3%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 54 киши (облуста 38) туура келет. Райондун жалпы калкынын 32,6% и - 16 жашка чейинкилер, 12,8% и - эмгек жашынан өткөндөр, 54,6%и - эмгек жашындагылар. Эмгек жашындагылардын 68,8%и (31,3 миңи) райондун экономикасынын реалдык жана социалдык секторлорунда, а. ч-да (61,7%), ө. ж. ишканаларында (9,3%), соодада (5,4%), билим берүүдө (5,8%), саламаттык сактоодо (3,8%), транспорт жана байланышта (3,2%) ж. б. тармактарда иштейт. Райондо 12 айыл өкмөтү, 28 кыштак бар. Райондун а. ч. жана ө. ж. Чүй обл-нун экономикасында маанилүү орунду ээлейт. А. ч-нын негизги тармагы - дыйканчылык. А. ч-га жарактуу жери - 104,7 миң га, анын 59,1 миңи - айдоо, 1,2 миңи - чабынды, 43,4 миңи - жайыт. Айдоо аянтында дан эгин, кант кызылчасы (урук үчүн дагы), жашылча, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 1,0 миң га жерди мөмө-жемиш бактары, 2,3 миң ганы токой ээлейт. Район боюнча 2,5 миң га жер дыйкан чарбаларына, а. ч. кичи ишканаларына, кооперацияга берилген. Райондун ө. ж. тармагында кант, минералдуу суу, пиво, нан, май-быштак, крахмал-патока ж. б. продукцияларды чыгарган ишканалар иштейт. Алардан башка дээрлик бардык айылдарда ун тартуучу чакан тегирмендер жана май жуаздар бар.
Райондун аймагынан Чалдыбар - Бишкек - Балыкчы темир жана автомобиль жолдору өтүп, ал региондун экономикасынын өнүгүшүндө, айрыкча транспорт тармагында зор мааниге ээ.
Райондо 25 орто, 2 атайын балдар мектеби, 4 кесиптик-техникалык окуу жайы, 21 китепкана, 29 клуб жана маданият үйлөрү, 11 оорукана, 11 медпункт, 4 амбулатория жана бир нече дарыкана бар. Райондук «Айыл жарчысы» («Сельская новь») аттуу гезит кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Райондо 50дөн ашык (анын ичинде 9 археол., 18 тарых, 22 искусство жана архитектуралык) эстелик бар.