МОСКВА - Россия Федерациясынын борбору. РФтин субъекти. Федерациялык маанидеги шаар. Федерация округунун жана Москва обл-нун администрациялык борбору. Баатыр-шаар. Өлкөдөгү эң ири (дүйнөдө эң маанилүү) саясий, ө. ж., илимий жана маданий борбор. Россиянын Европа бөлүгүндө, Смоленск - Москва дөңсөөсүнүн кесилишкен жеринде, Мещёра түздүгүндө, Ока менен Волганын ортосунда, Москва д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 120 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орт. температурасы -10°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 582 мм- ден 620 ммге чейин. Экол. абалы жылдан-жылга өтө тездик менен начарлоодо. Аянты 2561 км2 (2012); шаардын негизги чек арасы Москва айланма автомобиль жолу аркылуу өтүп, шаардын аймагынын бир бөлүгү (аянты 877 км2) жайгашкан. М-га шаардан тышкары аймагы (анын ичинде Бутово, Жулебино, Куркино, Митино, Новокосино), Зеленоград шаар-спутниги, бир нече өзүнчө аймактар (суу менен жабдуучу жана каналдар), Москва обл-нун (1480 км2аймагы (2011- 12-ж.; Троица, Щербинкаш., Киев, Кокошкин шаарчалары жана бир нече айылдар) курамына киргизилди. Калкы 13,0 миллион (2013). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 7901 киши туура келет. Шаар аймагы 12 администрациялык округга (анын курамында 123 район бар) бөлүнөт. Орустар басымдуу (89,7%), ошондой эле украин (2,9), еврей (2,0) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Православие (243 диний уюму бар), протестант (200), иудей (25), будда (24), мусулман (18) жана католик (16) диндерин тутат. Учурда жергиликтүү москвалыктарга караганда келгиндердин саны тездик менен өсүүдө. Бул М-да социалдык чыңалууну пайда кылып, демогр.

[[File:МОСКВА_1.jpg|thumb|Шереметьев аэропортунун «Д» терминалы.]]

абалы начарлоодо. Тогуз жолдун тоому (11 т. ж. түйүнү, 13 автомобиль жолу, 3 дарыя порту). Дүйнөдөгү эң түндүктөгү мегаполис. Эл аралык 4 аэропорту (Внуково, Домодедово, Шереметьев, Быков) бар.

М. - РФтин жана Борбордук федерация округунун администрациялык борбору укуктук статусу конституцияда бекитилген. М-ын мамлекеттик бийлигинин органдар системасы 1995-ж. кабыл алынган уставы аркылуу аныкталат. Мамлекеттик бийликти Москва шаардык думасы М-ын мэриясы менен бирдикте ишке ашырат. М. - аткаруу бийлигинин, жогорку мыйзам чыгаруу жана сот органдары жайгашкан жай.

М. аймагында адам таш доорунда эле жашаган. Биздин замандын 1-миң жылдыктын аягынан М. аймагын славяндар (ветичтер, кривичтер) мекендегенетикалык Жыл баяны боюнча 1147-ж. М. - Суздаль князы Юрий Долгорукийдин ээлиги. 13-к-дын 2-жарымынан М. - Улуу Москва княздыгынын, 1325-40-ж. Владимир-Суздаль княздыгынын борбору. 14-к-дын 2-жарымында М-да Дмитрий Иванович Донской (1359-89) моңгол-татарлардын эзүүсүнө каршы күрөштү жетектеген (к. Куликов салгылашы, 1380). 1610-12-ж. М-ы поляктар ээлеген. 1712-ж. борбор Санкт-Петербургга көчүрүлгөнү менен М. 2-борбор маанисин жоготкон эмес. 1812-жылкы Ата Мек. согушта Наполеон I жетектеген француз аскерлери тарабынан (сентябрь-октябрь) катуу талкаланган. М-дагы Декабрь куралдуу көтөрүлүшү (1905) Орус революциянын (1905-07) эң жогорку баскычы болгон. 1917-ж. Февраль жана Октябрь революцияларынан (1917) кийин Совет өкмөтү Петрограддан М-га көчүрүлгөн (1918-ж. 12-март). 1918-жылдын 12- мартынан РСФСРдин, 1922-жылдан 1992-жылга чейин СССРдин борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) М-ы коргоо үчүн айыгышкан сапгылаш [к. Москва жанындагы салгылаш] болгон. 1947-ж. М. ш-нын негизделгенинин 800 жылдыгына М-га баатыр-шаар (1965, 8-май) деген ардак наам ыйгарылган. Шаар 2 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери, Алтын Жылдыз медалы менен сыйланган. 1992-жылдын 25-декабрынан Россия Федерациясынын борбору.

М. - өлкөнүн ири экономикалык жана финансы борбору. М-да 700дөн ашык кредиттик уюмдар (Россиядагынын 50% и) иштеп, өлкөдөгү 100 ири банктын 75и М-да жайгашкан. Ө. ж-дын бардык тармактары (тоо-кен менен токойдон башка) өнүккөн. М-да Россияда өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын 6,7%и, анын ичинде (% менен) телевизор (23,3), коньяк (38,5), шампан (30), кондитер азыктары (12,5), кыл торко (16,3), жибек кездеме (11,9), байпак (8,3), бут-кийим (6) жана трикотаж буюмдары (3,4) өндүрүлүп, ошондой эле тигилүү буюмдар, парфюмерия-косметика, дары-дармек, эмерек чыгарылат. Полиграфия жана басма иштеринин да борбору. Региондук дүң продукциясы 1,6 миллиард рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү (% менен) 9,4, курулуштуку 4,5, соода жана товар сатуу боюнча коммерция иш кызматыныкы 50,4, байланыш 3,3 жана транспорттуку 2,4. М-ын ө. ж-нын негизин машина куруу менен металл иштетүү түзөт. Авиация техникалары комплекси («Сухой», «МиГ», Ильюшин атындагы, «Туполев» фирмалары), автомобиль кураштыруу («ЗИЛ», Хурничев атындагы завод, «Москва подшипниги» АК ж. б.), станок куруу («Кызыл пролетарий», С. Оржоникидзе атындагы «Станок куруу» заводдору, автоматташтырылган линия ж. б.), электр-техникалык («Динамо» заводу ж. б.), прибор куруу (өндүрүш бирикмелери: «Манометр», «Геофизприбор» ж. б.); жылуулук автоматикасы, саат, подшипник, химиялык ө. ж. үчүн жабдуулар өндүрүшү, металлургия («Орок жана Балка» ж. б.), химиялык, нефть-химиялык («Синтез», «Спектр ЛК», «Москва шина заводу», «Альфа-пластик бирикмеси» ж. б. ААКтары), электр энергетика (эң күчтүү ТЭЦ-21 жана ТЭЦ-26; Россияда өндүрүлгөн электр энергиясынын 5,5% и), курулуш материалдар, жеңил (комбинаттары: кебез-кездеме - «Трёхгорная мануфактура», жибек кездеме -«Кызыл Роза»; бут кийим чыгаруучу «Буревестник», «Париж Коммунасы» фабрикалары ж. б.) ө. ж. ишканалары иштейт. Тамак-аш-татымал өндүрүштөрү (ири ишканалары: «Микоян» эт комбинаты, «Очаков ЛТД», «Лианозовский» сүт иштетүүчү ЖАК), ошондой эле кондитер азыктарын (ири фабрикалары: «Кызыл Октябрь», «Болыпевик», «Рот-Фронт», Бабаев атындагы кондитер концерни, «Корнет», «Москва республика аралык» шарап заводу; № 3 ун комбинаты), тамеки («Ява», «Дукат») чыгаруу өнүккөн.

М. - дүйнөдөгү эң ири маданий жана илимий борборлордун бири. Жалпы билим берүүчу 1584 жана 309 башталгыч жана орто окуу жайы, 118 мамлекеттик (анын ичинде М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, П. Лумумба атындагы Эл достугу, Н. Э. Бауман атындагы МТЖОЖ, И. М. Сеченов атындагы Медициналык, К. А. Тимирязов атындагы А. ч., С. Оржоникидзе атындагы Мамлекеттик башкаруу, Г. В. Плеханов атындагы Экономикалык академиялары), 140 мамлекеттик эмес ЖОЖ, Россия ИА (РИА), тармактык академиялар: Россия а. ч. (РАСХН), Россия медицина (РАМН), Россия билимдер (РАО), Россия көркөм (РАХ) академиялары, ошондой эле ЮОдөн ашык конструктордук бюролор, бир нече ири китепкана (Россия мамлекеттик, чет элдик адабият, тарых), лицейлер, коллеждер, гимназиялар, 93 театр (анын ичинде Чоң жана Кичи, А. П. Чехов атындагы, М. Горький атындагы МХАТ, Евг. Вахтангов атындагы, М. Н. Ермолова атындагы, Вл. Маяковский атындагы, Моссовет атындагы, «Сатирикон», Сатира, «Современник», «Ленком», Таганкадагы театрлар; Россия Армиясынын Борбордук, Жаштар, 4 куурчак), 109 кинотеатр, 31 концерттик зал, 141 көргөзмө

комплекстери, 78ден ашык музей (анын ичинде тарых, Пушкин атындагы Көркөм искусство, Мамлекеттик Третьяков галереясы музей бирикмеси, Курал-жарак палатасы, Чыгыш элдеринин искусствосу ж. б.), бир нече цирк бар.

Шаардын эски бөлүгү радиустук-айланма пландалган. М-ын тарыхый очогу - Кремль ансамблинин аянты 27,5 га. Анын ички курулуштары [Чоң Кремль ак сарайы, 19-к.; Мармар палатасы, 15-к.; Курал-жарак палатасы, 19-к.; Успенье (15-к.), Архангел (16-к.), Благовещенье (15-к.) соборлору, Арсенал, 18-к.] кыш дубалдар менен айланта курчалып, ар кандай 20 архитектуралык мунаралар чыгып турат. Архитектуралык эстеликтеринен - Кызыл аянт, Василий Блаженный храмы, Вознесенье чиркөөсү Коломенскийдеги архитектуралык монастырлар комплекси менен (Андроников, Донский, Ыйык-Данилов, Новодевичье, Симонов ж. б.), чарбак ансамблдери (Кусков, Останкино, Кузьминка, Царицын ж. б.), 16-17-к-дын кээ бир курулмалары жана чиркөөлөр, коомдук жана турак жайлар (18- 19-к-дын 1-жарымы), классика стилиндеги Пашковдун үйү (учурда китепкана), Москва университетинин эски жана Чоң театрдын имараты сакталган. 1920-30-ж. М-ын борбордук бөлүгү жана ири магистралдар реконструкцияланган, мунун натыйжасында бир топ тарыхый баалуу эстеликтер талкаланып кеткен. 1950-жылдардын орто ченинен типтүү долбоор менен ири райондор, жаңы микрорайондор, ири коомдук курулуштар, бийик имараттар (анын ичинде Воробьёв тоосундагы ММУ), Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) курулушу (1992-жылдан Бүткүл россиялык көргөзмө_борбору), Лужникидеги борбордук стадион комплекси, Мамлекеттик Кремль ак сарайы, Жаңы Арбат ансамбли, бир нече олимпиялык курулуштар, 1990-жылдан оюн-зоок-соода ири комплекстери ж. б. курулган. Ошондой эле талкаланган храмдар жана башка архитектуралык эстеликтер (Воскресенский дарбазасы, Кытай-шаардын дубалдары ж. б.) калыбына келтирилди.

[[File:МОСКВА_2.jpg|thumb|Россия Федерациясынын Өкмөт үйү.]]

М. - эң кооз байыркы архитектуралык курулуштары менен көптөгөн дүкөндөрү, заманбап мейманканалары («Эл аралык», «Измайлов», «Космос», отелдери «Союз», «Спутник» ж. б.) жана көңүл ачуучу комплекстери менен Европадагы эң кымбат борборлордун бири. Борбордук эс алуу жана маданий парктары (М. Горький атындагы, Измайлов жана Александров ж. б.) уюштурулган. 1980-ж. ХХП олимпия оюндары өткөрүлгөн. М-ын айланасында Россиядагы эң ири шаар агломерациясы түптөлдү. Кремль, Кызыл аянт жана Коломен-

[[File:МОСКВА_3.jpg|thumb|«Маяковский» метрополитен станциясы.]]

скидеги Вознесенье чиркөөсү Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

М. - ири жол тоому жана т. ж. түйүнү. Т. ж-нун уз. 415,4 км (11 т. ж. тармагы бар). Шаарда 541 автобус (уз. 6083,8 км), 86 троллейбус (919,2 км) жана 37 трамвай (уз. 402,1 км) маршруттары, метрополитен (1935-ж. курулган, уз. 271,6 км\ 186 бекети бар) иштейт. Шаар Каспий, Азов, Кара, Ак жана Балтика деңиздери менен суу жолдору аркылуу (эки вокзал, 2 порт) байланышат. Туризм өнүккөн. Ага 167 мейманкана (ар кандай класстагы) кызмат көрсөтөт.

Ад.: Саушкин Ю. Г. Москва. Географиялык мүнөздөмө, Фр., 1956; История Москвы с древнейших времен до наших дней. М., 1997. Т. 1-3; Глушкова В. Г. Москва от центра до окраин. М., 2008; Москва. Энциклопедия. М., 1997; Экологический атлас Москвы. М., 2000; Москва//Большая Российская энциклопедия. М., 2013.

Т. М. Чодураев, Ж. Арзыкулов.

МОСКВА - Москва, айрым бөлүгү Смола обл. аркылуу аккан дарыя, Оканын сол куймасы. Уз. 473 км, алабынын аянты 17,6 миң км2. Смола-Москва дөңсөөсүнөн башталат. Кар, ошондой эле кыртыш, жамгыр сууларынан куралат. Негизги куймалары: Руза, Истра, Яуза (сол), Пахра, Северка (оң). Орт. чыгымы 109 м3/сек. Ноябрдан апрелге чейин тоңот. Агымы суу сактагычтар (Можайск ж. б.) жана плотиналар менен жөнгө салынган. Москва атындагы канал жана Вазуза гидротехникалык курулмасы аркылуу Волга менен туташат. Суу менен камсыз кылууда жана кеме каттоодо пайдаланылат. Москва ш-нын чегинде жана андан төмөн кеме жүрөт, шлюздар курулган. Боюнан Можайск, Москва, Воскресенск, Коломна ж. б. шаарлар орун алган.