МОРФОЛОГИЯ (тил илими): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МОРФОЛОГИЯ </strong>(<abbr data-short="гр." data-full="грекче" data-extended="true">грекче</abbr> | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МОРФОЛОГИЯ </strong>(<abbr data-short="гр." data-full="грекче" data-extended="true">грекче</abbr> morphe - түр, форма <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>...логия) -</em> 1) сөздөрдүн жасалышы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> куралышы <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr>гү эрежелердин жыйындысы; 2) <em>грамматиканын</em> сөздөрдүн өзгөрүү формаларынын системасы <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr>гү бөлүгү. М-нын негизги түшүнүктөрү: <em>грамматикалык форма, грамматикалык маани, грамматикалык категория.</em> Граммат. маани турмуш (болмуш) көрүнүштөрүнүн түрдүү карым-катышын (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, жөндөмө мүчөлөрдүн мааниси) же сөздөрдүн чоң тобунун жалпыланган маанисин туюнтат (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, бардык сын атоочтор заттын сынын, сыпатын, касиетин, белгисин билдирет). <abbr data-short="Граммат." data-full="Грамматикалык" data-extended="true">Грамматикалык</abbr> маанилерди туюнтуунун түрдүү жолдору бар: 1) аффикстер аркылуу; бул жол өзгөчө индевропа <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> түрк тилдеринде өрчүгөн (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, бала+нын - иликтин мүчөсү аркылуу, китеп+и - III жактын таандык мүчөсү аркылуу; 2) уңгудагы фонемалардын алмашуусу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> (орус тил: теч+ёшь, тек+у; берег+у, береж+ёшь); 3) басым аркылуу (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, серб тилинде). Сөздүн формасын туюнтуунун эки түрдүү жолу бар: 1) синтездик жол - <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> маани сөзгө мүчөнүн жалганышы аркылуу берилет (үй+лөр, шаар+га); 2) аналитикалык жол - <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> маани сөзгө кызматчы сөздүн кошулуп айтылышы аркылуу берилет (өтө алыс, мал го, ат <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr>). Бирдей же ар түрдүү <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> формалар аркылуу берилүүчү окшош <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> маанилер - <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> категория (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, заттын үч жактын бирине таандык экенин билдирүүчү жалпы маани таандык категориясы болот). Дүйнөдөгү тилдердин <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> категориялары сан жагынан да, аларды туюнтуу жолдору жагынан да бири бирине туура келе бербейт. <abbr data-short="Мис." data-full="Мисалы" data-extended="true">Мисалы</abbr>, орус, немис, түрк тилдери үчүн мүнөздүү жөндөмө категориясы француз тилинде жок. Славян тилдериндеги род категориясы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Кээ бир <abbr data-short="граммат." data-full="грамматикалык" data-extended="true">грамматикалык</abbr> категориялар бир тилде мүчө аркылуу, биринде кызматчы сөздөр аркылуу туюнтулат. <abbr data-short="Мис." data-full="Мисалы" data-extended="true">Мисалы</abbr>, таандык маанини туюнтуу кыргыз тилинде атайын мүчөлөр аркылуу ишке ашат (ат+ым, ат+ың), орус тилинде - иликтин мүчөсү аркылуу (право человек+а), француз, англис тилдеринде болсо предлог аркылуу берилет.</p><p>Ад.: Кыргыз тилинин грамматикасы (Морфология). Ф., 1974; <em>Мелъчук И. А.</em> Курс общей морфологии. М., 1997-2006. Т. 1-5; <em>Плунгян В. А.</em> Общая морфология: введение в проблематику. 3-е изд. М., 2009.</p> | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРФОЛОГИЯ (грекче morphe - түр, форма жана ...логия) - 1) сөздөрдүн жасалышы жана куралышы жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы; 2) грамматиканын сөздөрдүн өзгөрүү формаларынын системасы жөнүндөгү бөлүгү. М-нын негизги түшүнүктөрү: грамматикалык форма, грамматикалык маани, грамматикалык категория. Граммат. маани турмуш (болмуш) көрүнүштөрүнүн түрдүү карым-катышын (мисалы, жөндөмө мүчөлөрдүн мааниси) же сөздөрдүн чоң тобунун жалпыланган маанисин туюнтат (мисалы, бардык сын атоочтор заттын сынын, сыпатын, касиетин, белгисин билдирет). Грамматикалык маанилерди туюнтуунун түрдүү жолдору бар: 1) аффикстер аркылуу; бул жол өзгөчө индевропа жана түрк тилдеринде өрчүгөн (мисалы, бала+нын - иликтин мүчөсү аркылуу, китеп+и - III жактын таандык мүчөсү аркылуу; 2) уңгудагы фонемалардын алмашуусу менен (орус тил: теч+ёшь, тек+у; берег+у, береж+ёшь); 3) басым аркылуу (мисалы, серб тилинде). Сөздүн формасын туюнтуунун эки түрдүү жолу бар: 1) синтездик жол - грамматикалык маани сөзгө мүчөнүн жалганышы аркылуу берилет (үй+лөр, шаар+га); 2) аналитикалык жол - грамматикалык маани сөзгө кызматчы сөздүн кошулуп айтылышы аркылуу берилет (өтө алыс, мал го, ат менен). Бирдей же ар түрдүү грамматикалык формалар аркылуу берилүүчү окшош грамматикалык маанилер - грамматикалык категория (мисалы, заттын үч жактын бирине таандык экенин билдирүүчү жалпы маани таандык категориясы болот). Дүйнөдөгү тилдердин грамматикалык категориялары сан жагынан да, аларды туюнтуу жолдору жагынан да бири бирине туура келе бербейт. Мисалы, орус, немис, түрк тилдери үчүн мүнөздүү жөндөмө категориясы француз тилинде жок. Славян тилдериндеги род категориясы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Кээ бир грамматикалык категориялар бир тилде мүчө аркылуу, биринде кызматчы сөздөр аркылуу туюнтулат. Мисалы, таандык маанини туюнтуу кыргыз тилинде атайын мүчөлөр аркылуу ишке ашат (ат+ым, ат+ың), орус тилинде - иликтин мүчөсү аркылуу (право человек+а), француз, англис тилдеринде болсо предлог аркылуу берилет.
Ад.: Кыргыз тилинин грамматикасы (Морфология). Ф., 1974; Мелъчук И. А. Курс общей морфологии. М., 1997-2006. Т. 1-5; Плунгян В. А. Общая морфология: введение в проблематику. 3-е изд. М., 2009.