МОРФОГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРФОГЕНЕЗ (грекче morphe - түр, форма жана ...генез), форма пайда болууорганизмдердин жеке (онтогенезде), ошондой эле тарыхый же эволюциялык өөрчүшүндө (филогенезде) органдардын, системалардын жана дене бөлүктөрүнүн жана формалардын пайда болушу. М-ди изилдөө - өсүмдүк, жаныбар жана адам морфологиясынын негизги проблемаларынын бири. Ж а н ы б а рл а р д ы н жеке өөрчүшүндө субклеткалуу, клеткалуу жана көп клеткалуу структуралар пайда болот. Классикалык эмбриологияда, демейде, көп клеткалуу структуралардын пайда болушу М. деп түшүндүрүлөт. Ал өөрчүп жаткан организмдин көбөйүшү, формасынын өзгөрүшү, клеткаларынын орун которушунан пайда болот. Жаныбарларда клеткалардын көбөйүшү аркылуу форма пайда болуу түйүлдүктөн кийинки өөрчүүгө мүнөздүү. Жаныбарда көндөй (түтүк) органдардын (ичегинин, нерв түтүгүнүн пайда болушу), алардын бөлүктөрүнүн (мээ ыйлаакчаларынын өөрчүшү) ж. б. учурлар М-ге мисал болот. Ө с ү м д ү к М-и - өөрчүү процессинде форманын калыптанышы, морфол. структуралардын пайда болушу жана организмдин бүтүндүгү. Өсүмдүктүн бүтүндөй онтогенезинде такай өстүрүп туруучу меристеманын болушу өсүмдүк М-инин мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Бул учурда бардык жаңы өркүн, гүл, тамыр калыптанат жана дене түзүлүшүнүн метамердүүлүгү (симметриялуулугу) пайда болот. Онтогенездин ар кандай этаптарында организмдин өөрчүшүн башкаруу максатында М-ди изилдөө өөрчүү биологиясы, ошондой эле генетика, молекула биологиясы ж. б. тармактардын негизги маселелерй болуп саналат жана тукум куугучтук закон ченемдүүлүгүн изилдөө менен байланыштуу.
Ад.: Шмалъгаузен И. И. Организм как целое в индивидуальном и историческом развитии. 3-е изд. М., 1982; Белоусов Л. Б. Биологический морфогенез. М., 1987; Черданцев В. Г. Морфогенез и эволюция. М., 2003. Д. Акматова.