МОРТТУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОРТТУК - катуу нерсенин анча чоң эмес механикалык күчтүн таасиринен сынып, талкалануу касие­ти. Морт нерселерге карапа, металл, карапа материалдары, чоюн, көмүртек менен каныккан болот ж. б. кирет. Морт нерселердин көпчүлүгү, бөлүнүүгө чейин серпилгичтүү деформацияланат. Аларда калдыктуу деформация жокко эсе. Плас­тикалуулук жана М. нерсенин курамына көз ка­ранды. Нерсенин чыңалган абалын, деформация жүргөндөгү сырткы чөйрөнү же температураны өзгөртүп, нерсени пластикалык абалдан М. абалга өткөрүүгө болот. Кадимки шартта өтө морт деп эсептелүүчү кристаллдык кварц чоң басым менен кысылып, созуучу жана жылышты­руучу чыңалуулардын натыйжасында калдык­туу деформацияга ээ болот. Пластикалык мате­риалдарды бир жактуу кысуу менен бүлүндүрүүгө болбойт. Морт материалдарды бир жактуу кыс­канда бышыктык чеги деп аталуучу (Р6) чыңа­лууга жеткенде бөлүнөт жана ал созуу деформа­циясынын бышыктыгынан (Рс) чоң. Алардын катышы К=Рс/Р6, чоюн үчүн 0,2-0,4, карапа ма­териалдары үчүн 0,1-0,2. Катуу нерсенин плас­тикалуулугуна жана М-уна чыңалуу убактысы жана температурасы чоң таасир тийгизет. Тез дефор­мациялоодо нерсенин М. касйети, ал эми жай деформациялоодо пластикалуулук касиети даана байкалат. Көптөгөн материалдар температураны төмөндөткөндө пластикалык абалдан М. абал­га өтөт. Бул учурда температура М-тун кризистик температурасы деп аталат.