МОРРИСОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРРИСОН Тони (18. 2. 1931-жылы туулган, Лорейн, Огайо) - америкалык жазуучу. 1949-ж. Гарвард университетине кирип, 1955-ж. Корнелль университетин бүтүргөн. Анын романдары ак адамдардын социалдык жана маданий чөйрөсүндө жашаган кара америкалыктардын тарыхый тажрыйбасы туурасында баяндайт. «Көпкөк көздөр» (1970) романында атасы зордуктап салган Пекола Бридлавдын бир жылдагы жашоо-турмушун сүрөттөйт. «Сула» (1974), «Соломондун ыры» (1977), «Таяк жеген наристе» (1981), «Сүйгөнжар» (1988), «Джаз» (1992) романдарында жазуучу негрлердин турмушуна болгон азыркы кездеги көз караштарды кенен талдоого алат. Эсселери, публицистикасы, балдар үчүн китептери бар. Нобель сыйл. лауреаты (1993).
Чыг.: Песнь Соломона. М., 1999; Жалость. М., 2010.
Ад.: Тони Моррисон//История зарубежной литературы XX в. М., 2003. С. 363-371.