МОРДЮКСВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРДЮКСВА Нонна (Ноябрина) Викторовна (27. 11. 1925, Донецк обл., Константиновка айылы - 9. 7. 2008, Москва) - орус актрисасы. СССР эл арт. (1974). 1954-ж. ВГИКти бүткөн. Студент кезинде «Жаш гвардия» фильминде Ульяна Громованын ролун ойноп (1948, СССР мамлекеттик сыйл., 1949), көрүнүктүү романтикалык образды жараткан. М. чыгармачылыгында чыныгы орус аялынын салттуу жана заманбап чыныгы мүнөзүн кинодо көркөмдөп ачып берген: Глафира («Журавушка», 1969), Угрюмова («Орус талаасы», 1972), Матрёна («Сормо», 1978). «Туугандар» (1982) фильминде Мария Коновалованын ролун комедиялык образда жеткиликтүү ойногон. М. курч мүнөздөгү ролдорду да жараткан: соодагер аял Белотелова «Бальзаминовдун үйлөнүүсү» (1965), Плющ («Жакут кол», 1969), Миша байке («Экөө үчүн

вокзал», 1983). «Түнөргөн таң», «Согуш жана тынчтык», «Алар Мекен үчүн салгылашкан» фильмдеринде актриса чеберчилик жөндөмдүүлүгү ачылган. РСФСР мамлекеттик сыйл. алган (1973) «Кимдин кимдиги» («Кто есть кто» энциклопедиясынын, Лондон) редакциялык кеңеши актрисаны 20-к-дын 10 мыкты актрисанын катарына кошкон (1992).
Ад.: Пустынская Л. Д. Н. Мордюкова. М., 1983.