МОРДВАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОРДВАЛАР - Мордовиянын жергиликтүү калкы, финн-угор элдери. Россияда (44,2 миң), Мордо­вияда (333,1 миң, 2010), ошондой эле Башкырт, Та­тар, Чуваш Респ-нда, Самара, Пенза, Оренбург, Ульянов, Нижегород, Саратов обл-нда, Сибирь жана Ы. Чыгышта, Казакстан, Украина, Өзбек­станда да жашашат. Жалпы саны 744,2 миң киши (2010). М. эрзя жана мокша субэтностук тобуна бөлүнөт. Эрзялар Мордовиянын чыгыш, мокшалар батыш жана түштүк райондорунда жа­шайт. М-дын теньгушев жана каратайлар деген

этногр. топтору бар. Мокша, эрзя жана орус тилдерин­де сүйлөшөт. Дин­ге ишенгендери - православныйлар. М-дын түпкү те­ги - финн-угор уруулары биздин заманга чейинки 1-миң жылдык­тын 2-жарымында Ока, Волга, Сура жана Мокша д-нын боюнда жашаган.

М. этноними алгач 6-к-да эскерилген. М. ба­йыртан эле славян жана түрк элдери менен тыгыз байланышта болгон. 15-к-дын аягында М. Орус мамлекетинин курамына ыктыярдуу кошулган. Негизги кесиби - дыйканчылык жана мал чарба­чылык. Аялдардын салттуу кийимдери неги­зинен саймаланган, ак түстүү кендир көйнөк, алды туюк тигилген, халат тибиндеги сырт ки­йим. Металл, монета, шуру ж. б. кооздуктар колдонулган. Эркектердин салттык кийимде­ри - ак түстүү жакасыз кендир көйнөк, ыштан, кафтан. Тамак-ашы - негизинен дан, эт азык­тары. Суусундук катары пуре (балдан), брага, квас кеңири колдонулат.