МОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОР Томас (7. 2. 1478, Лондон - 6. 7. 1535, ошол эле жер) - англ. гуманист, мамлекеттик ишмер жана жазуучу; утопиялык социализмдин негиздөөчүсү. Сот чиновнигинин уулу. 1492-94-ж. Оксфорд ун­тинде окуп, Окс­форд реформа­торлору (Ж. Ко­лет, Т. Линакр, У. Гросин) ийри­ми менен жакын­дашкан. 1496- 1501-ж. Ыпсо1п’з 1пп юридикалык корпо­рациясынын ал­дында англис салт укугун үй­рөнгөн. 1490-жыл­дардын аягында Эразм Роттердам­ский менен достош­кон. 1504-жылдан саясатка аралашкан, 1510-ж. Лондон шерифи­нин жардамчысы, 1525-29-ж. Ланкастер герцог­дугунун, 1529-32-ж. Англиянын канцлери. М. жалпы христиандык биримдикти бузат деп, лю­терчил реформацияны (к. Лютер Мартин) жак­тырган эмес. 1534-ж. королго баш ийбеген ка­толик катары Тауэрге камакка алынып, мамлекеттик чыккынчы аталып, өлүгл жазасына тартылган. 1935-ж. католик чиркөөсү тарабынан канон­доштурулган. М-дун диний темада жазылган көптөгөн чыгармалары («Төрт зарыл нерсе», «Апология» ж. б.) англ. риториктерге (Э. Мар­велл, Ж. Донн), Ж. Свифтке

таасир берген. Анын бүтпөй калган «Король Ричард Шнүн тарыхы» (1531) чыгармасы - Кайра жаралуу мезгилин­деги англ. прозанын мыкты үлгүлөрүнөн. М-дун атагын «Утопия» диалогу (1516, орусчага 1789-ж. которулган) чыгарган. Анда кыялдан жаралган Утопия (грек тилинен сөзмө-сөз ко­торгондо - «жок жер») аралындагы эң мыкты түзүлүщ жөнүндө баяндалган. М. адамзат тарыхын­да биринчи жолу жеке менчик жоюлуп, ке­ректөө теңдиги орноп, өндүрүш жана турмуш жалпы элдин энчисине өткөн коомду сүрөттөгөн. Утопияда эмгек бүт жарандардын милдети, мүдөөлөр толук канааттандырылган, жумуш күнү - 6 саат, оор жумуштарды кылмышкерлер аткарат. Утопиянын саясий түзүлүшү шайлоо жана улуулук принцибине негизделген. Элдик кыймылга каршы болгон илимпоз-гуманист­терге жана билимдүү монархтарга арналып, ла­тынча жазылган «Утопия» 16-к-дын орто че­нинде бир катар тилдерге которулган. Ал көп­төгөн ойчулдарга (Морелли, Г. Бабёф, К. А. Сен­Симон, Ш. Фурье, Э. Кабе ж. б.) чоң таасир тий­гизген.