МОПАССАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОПАССАН Ги (толук аты - Анри Рене Аль­бер ги) де (5. 8. 1850, Турвиля-сюр-Аркка жа­кын Миромениль замогу - 6. 7. 1893, Париж) - француз жазуучусу. 1870-71-ж. Руан лицейинде окуган. 1870-71-ж. Фран­ция-Пруссия согушуна ка­тышкан. Чыгармачылыгына Г. Флобер, И. С. Тургенев, О. Бальзактын чыгармала­ры зор таасир тийгизген.

Адабиятта М. 19-к-дын аяк че­ниндеги сын реализмин улантуучу катары тааныл­ган. 80-жылдардагы новел­лаларында («Айым Фифи», 1882; «Рондолинин жерле­ри», 1884 ж. б.) буржуазиянын рухий кедери нин кеткенин келекелеген. Новеллаларындагы бул тема «Дүйнө-өмүр» (1883) романында айрыкча айкын иштелген. М-дын Франция-Пруссия со­гушу жөнүндөгү новеллалар циклинде элдин пат­риотизми, оокаттуу таптын эгоизми, эки жүздүү­лүгү көрсөтүлөт. Буга «Май болпоч» (1880) но­велласы жакшы мисал. М. - «Жан досум» (1885), «Монт-Ориоль» (1887) романдарынын автору. М-дын чыгармаларын И. С. Тургенев, Л. Н. Тол­стой, А. П. Чехов, М. Горький жогору баала­ган. «Вил дос» романы (1982), Ж. Абаев, башка айрым чыгармалары кыргыз тилине кото­рулган.