МОҢГОЛ ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОҢГОЛ ТИЛДЕРИ — моңгол элдеринин тили. 14-16-к. ченде (Чыңгызхан негиздеген империя­нын кулашы менен) байыркы моңгол уруулары үчүн орток болгон моңгол тилинин диалектиле­ринен куралган М. т. мына булар: т ү н. м о ң­г о л - сингармониялык тилдер (к. Сингармо­низм) - халха-моңгол тили, бурят, калмак, ойрот тилдери; т ү ш.-ч ы г ы ш - сингармония­лык эмес тилдер - дагур (Түндүк-Чыгыш Кытай­да), дунсян, монгор, баоань (Цинхай, Ганьсу про­винциясы; баары жазмасыз); арабөк тил­д е р - жазмалуу байыркы моңгол жазма тили, моңгол тили. Улуттук бирдиктүү мамлекети түзүлгөнгө чейин моңголдор өнүккөн адабий тил­ге жана жазууга ээ болгон эмес. 16-17-к-да моң­голдордун мамлекеттүүлүгүнүн бүлүнүшү ошол эле моңгол тилинин жок болуп кетүү коркуну­чуна алып келген эмес. Анткени ошол мезгилде түндүк менен түштүктүн маданий байланышына жана тилдик карым-катнашына каражат катары кыз­мат кылган анын адабий формасы калыптанып калган эле. Булардан кыйла изилденип калган­дары - моңгол, бурят жана калмак тилдери.

Ад.: Тодаева Б. X. Монгольские языки и диалекты Китая. М„ 1988.