МОҢГОЛ ИМПЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОҢГОЛ ИМПЕРИЯСЫ - 1206-ж. Чыңгызхандын жана анын жолун жолдоочулардын баскынчыл согуштарынын негизинде түзүлгөн мамлекет. Анын аймагы Дунайдан Япон деңизине, Новгороддон Түштүк-Чыгыш Азияга чейин жетип, аянты 33 000 000 клг2ди түзгөн. Гүлдөп турган учурунда Борбордук Азия, Түштүк Сибирь, Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Кытай жана Тибеттин көптөгөн аймактарын өзүнө камтыган. 13-к-дын 2-жарымында империя улустарга бөлүнүп, аларды чыңгызиддер башкарып турган. Мункэнин бийлиги мезгилинде (1251-59) Моңголия, Түндүк Кытай, Корея, тангуттардын Си Ся падышалыгы, Борбордук жана Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганстан ж. б. аймактарды камтыган. Орус жерлеринин бир топ бөлүгү Алтын Ордого көз каранды болгон. Империянын алгачкы борбору - Каракорум болгон, кийин 1264-ж. Ханбалыкка которулган. М. и-нын калдыктарына Юань империясы, Алтын Ордо, Хулагуиддердин мамлекети жана Чагатай улусу кирген. «КызылАскерлёр» көтөрулушунөн (1351-68) соң, Кытайдын аймагындагы моңголдордун Юань империясы кулап, Куликов салгылашынан (1380) кийин Алтын Ордонун Москва княздыгынын аймагындагы таасири төмөндөгөн. О. Азиядагы феод. бытырандылык жана ич ара салгылаштар 16-к-дын башында Чагатай улусунун кулашына алып келген. 13- к-Дын ортосунда М. и. ыдырай баштап, 14- к-дын аяк ченинде жоюлган.
Ад.: Монгольская империя и кочевой мир. УланУдэ, 2005-2006. Кн. 1-2; Крадин Н. Н., Скрынникова Т. Д. Империя Чингис-хана. М., 2006.