«МОНУМЕНТАЛДЫК ПРОПАГАНДА»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

«МОНУМЕНТАЛДЫК ПРОПАГАНДА» - Ок­тябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин В. И. Ле­ниндин колдоосу менен монумент өнөрүн өнүктүрүү боюнча Совет өкмөтүнүн иш-чаралары. 1918-ж. 14- апрелде жарыяланган Совнаркомдун «Падыша­лар менен анын кызматчыларынын урматына орнотулган эстеликтерди алып салуу жана Россия Социалисттик революция эстеликтери­нин долбоорун иштеп чыгуу боюнча» декрети «М. п-нын» башаты болгон. Декретте тарыхый жана көркөмдүк мааниси болбогон эстеликтерди алып таштоо, алардын ордуна.революциянын

гума­нисттик маңызына туура келген чыгармаларды жаратуу көрсөтүлгөн. 1918-20-жылдары Моск­ва менен Петроградда революция ишмерлерине, окумуш­тууларга, жазуучуларга ондогон эстеликтер ачылган. Бирок бул эстеликтер убактылуу ма­териалдан жасалгандыктан, алардын бир азы гана сакталып калган. «М. п.» жетекчиликке алган идеялар бир эле өз мезгили үчүн маанилүү болбостон, жалпы көркөм искусстводогу башкы ба­гыт болуп, анын негизги өзөгүн түзгөн.