МОНТСЕРРАТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНТСЕРРАТ - Улуу Британия ээлиги. Кичи Антил аралдары архипелагынын курамындагы Монтсеррат а-нда жайгашкан. Пуэрто-Рикодон түштүк-чыгыш тарапта. Аянты 102 км2. Калкы 4,9 миң (2011). Расмий тили - англис тили. Администрациялык борбору - Плимут (калкы 3500).
X. Колумб тарабынан 1493-ж. ачылган. 1632-ж. сүргүнгө келген католиктер тарабынан алгачкы англ. тургун жай негизделген. 17-18- к-да Англия менен Франция аралга ээ болуу үчүн күрөптүп келген. 1871-1958-ж. М. Ылымта аралдар ээлигинин, 1958-62-ж. Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. Ал Чыгыш-Кариб мамлекеттер уюмунун жана Региондук коопсуздук системасынын мүчөсү.
Климаты субэкватордук деңиздик. Абанын температурасы океандын жээктеринде 24°Сден 35°Сге чейин, тоолордо 18-27°С. Жылдык жаан-чачыны 800-3000 мм (майдан ноябрга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаайт). Жайдын аягынан, күздүн башталышына чейин тропик урагандары болуп турат. 1995-ж. Хилл жанартоосу атылып, аралдын аймагынын 2/3си ээн калган. Калкынын негизин африкалыктар түзөт. Төрөлүү 1000 кишиге - 14,3 киши, өлүм-житим - 9,9. М-ны 1960-ж. кабыл алынган конституция боюнча Улуу Британия королевасы дайындаган губернатор башкарат, ошондой эле ал Аткаруу кеңешинин башчысы да болуп эсептелет. М. байыртадан эле Вест-Индиядагы «Жакут аралы» деген аталыш менен белгилүү. М-нын өкмөтү туристтердин көп келишине каршы, ошондуктан аралдын көптөгөн жери адамдын буту тийбеген бойдон калып келүүдө. Эс алуунун өнүккөн түрү - жөө жүрүү туризми. Аралдагы токойлорду жөө аралап басуу кеңири таралып, ал туризмдин негизин түзөт.
Ад.: Монтсеррат//Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006. Р. Карачалова.