МОНТАЖ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНТАЖ к и н о д о — фильм жаратуудагы чыгармачылык жана техникалык процесс; тартылган кино кадрларын тандоо жолу менен композициялык иретке салуу. М-да кадрлардын ортосундагы маанилик, көркөмдүк, масштабдык-мейкиндик, кыймыл жана үн катыштары кылдат айкалыштырылып, бүтүн кино чыгарманы түзөт. М. формаларын өнүктүрүүгө А. Смит (Улуу Британия), Э. Портер, Т. Инс, Д. У. Гриффит (АКШ), А. Ганс (Франция), 3. М. Эйзенштейн, Л. В. Кулешов, В. И. Пудовкин, Д. Вертовдор (СССР) зор салым кошкон. Кыргызстанда Р. Шершенова баштаган М-чылар үзүрлүү эмгектенүүдө.