МОНТАЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНТАЖ к и н о д о — фильм жаратуудагы чыгармачылык жана техникалык процесс; тартылган кино кадр­ларын тандоо жолу менен композициялык ирет­ке салуу. М-да кадрлардын ортосундагы маани­лик, көркөмдүк, масштабдык-мейкиндик, кый­мыл жана үн катыштары кылдат айкалышты­рылып, бүтүн кино чыгарманы түзөт. М. фор­маларын өнүктүрүүгө А. Смит (Улуу Британия), Э. Портер, Т. Инс, Д. У. Гриффит (АКШ), А. Ганс (Франция), 3. М. Эйзенштейн, Л. В. Кулешов, В. И. Пудовкин, Д. Вертовдор (СССР) зор са­лым кошкон. Кыргызстанда Р. Шершенова башта­ган М-чылар үзүрлүү эмгектенүүдө.