МОНОНУКЛЕОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНОНУКЛЕОЗ - калтыратма, ангина, лимфа түйүнүнүн чоңоюшу, кандын курамынын өзгөрүшү менен мүнөздөлгөн жугуштуу оору. М. оорулуу киши жана инфекция алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чачыранды менен жугат. Көбүнчө балдар ооруйт. Козгогуч дем алуу жолдорунун былжыр чели аркылуу кан тамырларга өтүп, кан агымы менен таралат жана лимфа түйүндөрүн жабыркатат. Жашыруун мезгили (6-18 күн) өткөндөн кийин дене температурасы көтөрүлүп, тамагы жутканда ооруйт. Тамактагы бадам безинде кебер пайда болот. Мүнөздүү белгилери - моюн лимфа түйүндөрү чоңоёт, кармалаганда оорубайт жана эч качан ириңдебейт. Териде жана былжыр челде кээде бүдүрлөр чыгат. Боор менен көк боор чоңоёт, канда лейкоциттер көбөйөт. Калтыратма бир нече суткадан 3-4 жумага чейин созулуп, оорулуу жакшы болуп кетет. Оорулууну өзүнчө бөлүп дарылоо керек. Кабылдоолор чанда болот.