МОНОМЕРЛЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНОМЕРЛЕР (моно... жана грекче meros - бөлүк) бири-бири менен же башка заттардын молекулалары менен полимерленүү жана поликонденсация реакцияларына кирип, полимерди пайда кылуучу, молекулалык массасы кичине органикалык бирикмелер. Полимерлөө реакциясында М. молекуласындагы кош жана үчтүк байланышы же циклдери (олефиндердин кычкылдары, лактамдар, лактондор) оңой ачылуу (үзүлүү) менен (мында активдүү радикалдарды же иондорду пайда кылат) полимерленет. Поликонденсация реакциясына молекуласында бири-бири менен өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү болгон экиден кем эмес функциялык топтору бар (диаминдер, дикарбон кислоталары, амин кислоталары, гликолдор ж. б.) М. кирет. Бифункциялуу М-ден түз тизмектүү, экиден көп функциялык топтору бар М-ден тармакташкан жана тор сыяктуу полимерлер алынат. Өндүрүштөгү эң маанилүү М. - этилен, винилхлорид, стирол, бутадиен, фенол ж. б.