МОНИТОРИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МОНИТОРИНГ </strong>(англ. | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МОНИТОРИНГ </strong>(англ. monitoring — байкоо, баалоо, контроль) - тигил же бул процесстин же объектинин өзгөрүүлөрүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн атайын формасы. Ар кандай М-дин түпкү максаты чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин азайтуу максатында жүрүп жаткан кубулуштар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> окуялардын болочоктогу абалын болжолдоо болуп саналат. М. байкалуучу окуялар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кубулуштардын түрүнө (<abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr>, социалдык, саясий-демогр., экол. ж. б.), масштабына <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> камтылышына (үзгүлтүксүз <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> дискреттик, жалпы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> тандап), чагылдыруу тактыгына (анык, жетишерлик эмес анык, анык эмес), жүргүзүүнүн мүнөзүнө (бир жолку, мезгилдүү, системалуу), байкоо жүргүзүү ыкмаларына <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> маалымат алуу булагына (анкеталык, коомдук пикирди сурамжылоо, тандап байкоо, прибор <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> эсепке алуу, каттоо <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> инвентарлаштыруу, рейтинг, отчёттуулук), натыйжаны өлчөө-ченөө системасына <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> берүү формасына (сандык өлчөнүүчү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> сандык түрдө өлчөнбөөчү көрсөткүчтөр) карата ажырымдалат. 1)М. билим берүүд ө - билим берүү системасын башкаруу, абалын баалоо, өнүгүү багытын аныктоо үчүн зарыл болгон тутум же анын айрым бөлүктөрү (элементтери) тууралуу маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жайылтуу. Билим берүү кызматынын сапатын эксперттик баалоо <abbr data-short="б-ча" data-full="боюнча" data-extended="true">боюнча</abbr> М. кабыл алынган стандартка, үлгүгө, ченемдерге негизделет; 2)экологияда айланачөйрөнү (атм-ны, гидросфераны, топуракөсүмдүктөрдү, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> техногендик системаларды) көзөмөлдөө, прогноздоо <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> коргоо максатында анын абалына байкоо жүргүзүү. Ал ааламдык, аймактык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> локалдык деңгээлдерге бөлүнөт. М. системасында атм-нын, жаан-чачындын, суунун (жер астындагысынын да), топурактын <abbr data-short="хим." data-full="химиялык" data-extended="true">химиялык</abbr> курамына <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> булгануу концентсына, анын таралуу жолдоруна көзөмөл кылуу өтө маанилүү. М. негизинен сейсмикалык кубулуштарга, сууга, минералдык ресурстарга, жаныбарлар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> өсүмдүктөрдүн санына <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> түрдүк курамына ж. б-га жүргүзүлөт. М. кызматына изилдөөнүн <abbr data-short="физ." data-full="физикалык" data-extended="true">физикалык</abbr>, <abbr data-short="хим." data-full="химиялык" data-extended="true">химиялык</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> биол. жолдору, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> <abbr data-short="авиац." data-full="авиациялык" data-extended="true">авиациялык</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> космостук техникалар пайдаланы<abbr data-short="лат." data-full="латынча" data-extended="true">латынча</abbr> М. космостук аппараттардан, <abbr data-short="о. эле" data-full="ошондой эле" data-extended="true">ошондой эле</abbr> кургактыктагы <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> океан-деңиздердеги станциялардан алынган телесүрөттөлүштөрдүн, фотогр., көп спектрлүү сүрөттөрдүн жардамы <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байкоо жүргүзүлөт. Космостук М. айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн мүнөзүн <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> очокторун тез аранын ичинде аныктоого, экол. өзгөрүүлөрдүн ургаалдуулугуна <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> амплитудасына байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт, техногендик системалардын бири-бирине тийгизген таасирлерин изилдейт. М. кызматы көп өлкөлөрдө уюшулган; 1988-ж. Табиятты коргоо мониторингинин Бүткүл дүйнөлүк борбору уюшулган; 3) экономикад а - <abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr> чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында <abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr> процесстер кубулуштардын келечектеги абалын алдын ала билүү (болжолдоо) үчүн алардын учурдагы абалына, байкоо салуу, <abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr> чечимдерди кабыл алуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: рынок конъюнктурасынын (<abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, акциялар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> валюталардын курсу, керектөө баалары, инфляция, банк проценти ж. б.); атаандаштыкка туруштук бере алуусунун; ишкердиктеги ишенимдүүлүктүн; ишмердиктин ар кыл тармактарындагы ар түрдүү бизнес чөйрөлөрүнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугунун; дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү (региондор) <abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr> өнүгүү деңгээлинин <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> жашоо-турмуш стандартынын М-и. М. кризистик кубулуштардын барометри катары <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кризиске каршы көрүлүүчү чаралар <abbr data-short="ж-дө" data-full="жөнүндө" data-extended="true">жөнүндө</abbr> алгачкы материалдар 20-к-дын башында Гарвард <abbr data-short="ун-т" data-full="университет" data-extended="true">университет</abbr>инде У. М. Персонс <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> У. К. Митчеллдин жетекчилигинде жарык көрө баштаган. Азыркы учурда дүйнөдө 10 миңден ашык социалдык-<abbr data-short="экон." data-full="экономикалык" data-extended="true">экономикалык</abbr> багыттагы М-дер жүргү- </p> | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] <p>зүлүп, дүйн. кабар агенттиктеринин (Рейтер, СМК В1отЪег£, Россияда - ИТАР-ТАСС, Интер-факс ж. б.) басылмаларында дайыма чыгып турат. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | |||
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНИТОРИНГ (англ. monitoring — байкоо, баалоо, контроль) - тигил же бул процесстин же объектинин өзгөрүүлөрүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн атайын формасы. Ар кандай М-дин түпкү максаты чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин азайтуу максатында жүрүп жаткан кубулуштар менен окуялардын болочоктогу абалын болжолдоо болуп саналат. М. байкалуучу окуялар менен кубулуштардын түрүнө (экономикалык, социалдык, саясий-демогр., экол. ж. б.), масштабына жана камтылышына (үзгүлтүксүз жана дискреттик, жалпы жана тандап), чагылдыруу тактыгына (анык, жетишерлик эмес анык, анык эмес), жүргүзүүнүн мүнөзүнө (бир жолку, мезгилдүү, системалуу), байкоо жүргүзүү ыкмаларына жана маалымат алуу булагына (анкеталык, коомдук пикирди сурамжылоо, тандап байкоо, прибор менен эсепке алуу, каттоо жана инвентарлаштыруу, рейтинг, отчёттуулук), натыйжаны өлчөө-ченөө системасына жана берүү формасына (сандык өлчөнүүчү жана сандык түрдө өлчөнбөөчү көрсөткүчтөр) карата ажырымдалат. 1)М. билим берүүд ө - билим берүү системасын башкаруу, абалын баалоо, өнүгүү багытын аныктоо үчүн зарыл болгон тутум же анын айрым бөлүктөрү (элементтери) тууралуу маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана жайылтуу. Билим берүү кызматынын сапатын эксперттик баалоо боюнча М. кабыл алынган стандартка, үлгүгө, ченемдерге негизделет; 2)экологияда айланачөйрөнү (атм-ны, гидросфераны, топуракөсүмдүктөрдү, ошондой эле техногендик системаларды) көзөмөлдөө, прогноздоо жана коргоо максатында анын абалына байкоо жүргүзүү. Ал ааламдык, аймактык жана локалдык деңгээлдерге бөлүнөт. М. системасында атм-нын, жаан-чачындын, суунун (жер астындагысынын да), топурактын химиялык курамына жана булгануу концентсына, анын таралуу жолдоруна көзөмөл кылуу өтө маанилүү. М. негизинен сейсмикалык кубулуштарга, сууга, минералдык ресурстарга, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн санына жана түрдүк курамына ж. б-га жүргүзүлөт. М. кызматына изилдөөнүн физикалык, химиялык жана биол. жолдору, ошондой эле авиациялык жана космостук техникалар пайдаланылатынча М. космостук аппараттардан, ошондой эле кургактыктагы жана океан-деңиздердеги станциялардан алынган телесүрөттөлүштөрдүн, фотогр., көп спектрлүү сүрөттөрдүн жардамы менен байкоо жүргүзүлөт. Космостук М. айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн мүнөзүн жана очокторун тез аранын ичинде аныктоого, экол. өзгөрүүлөрдүн ургаалдуулугуна жана амплитудасына байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт, техногендик системалардын бири-бирине тийгизген таасирлерин изилдейт. М. кызматы көп өлкөлөрдө уюшулган; 1988-ж. Табиятты коргоо мониторингинин Бүткүл дүйнөлүк борбору уюшулган; 3) экономикад а - экономикалык чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында экономикалык процесстер кубулуштардын келечектеги абалын алдын ала билүү (болжолдоо) үчүн алардын учурдагы абалына, байкоо салуу, экономикалык чечимдерди кабыл алуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: рынок конъюнктурасынын (мисалы, акциялар менен валюталардын курсу, керектөө баалары, инфляция, банк проценти ж. б.); атаандаштыкка туруштук бере алуусунун; ишкердиктеги ишенимдүүлүктүн; ишмердиктин ар кыл тармактарындагы ар түрдүү бизнес чөйрөлөрүнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугунун; дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү (региондор) экономикалык өнүгүү деңгээлинин жана жашоо-турмуш стандартынын М-и. М. кризистик кубулуштардын барометри катары жана кризиске каршы көрүлүүчү чаралар жөнүндө алгачкы материалдар 20-к-дын башында Гарвард университетинде У. М. Персонс менен У. К. Митчеллдин жетекчилигинде жарык көрө баштаган. Азыркы учурда дүйнөдө 10 миңден ашык социалдык-экономикалык багыттагы М-дер жүргү-
зүлүп, дүйн. кабар агенттиктеринин (Рейтер, СМК В1отЪег£, Россияда - ИТАР-ТАСС, Интер-факс ж. б.) басылмаларында дайыма чыгып турат.