МОНЕТАРИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНЕТАРИЗМ - мамлекеттик чарбалык башкаруудагы практикалык концепция жана экономикалык теория. 1970-жылдардын ортосунда кулач жайган. Анда жүгуртүүдөгү акча санына жана акча-товар массасынын байланышына негизги маани берилет. М-дин пайда болушуна инфляциянын дээрлик дүйнө жүзү боюнча күч алышы себеп болгон. Негиздөөчусү америкалык экономист М. Фридмен. М. алгач акча жүгүртүү теориясы катары каралса, кийинчерээк М. Фридмен акчанын макроэкономикага таасир берүү механизмдерин иштеп чыккандан кийин, экономикалык саясаттын өзөгү болгон. М-дин жактоочулары экономикага таасир этүүнүн негизги ыкмасы катары эмиссияны жөнгө салууну, улуттук акча бирдигинин валюта курсун, кредит процентин, салык ченин, бажы тарифин эсептешет.