МОНЕТА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНЕТА - белгилүү бир формада металлдан (алтын, күмүш, жез) ж. б. материалдан жасалган акча белгиси (тыйын). Ал жүгүртүү жана төлөө каражаты катары колдонулат. М-нын өңү жана арткы бети, тегерек кыры болот. Бетине атьг, чыгарылган жылы, тиешелуү шаардын, мамлекеттин наамы, оймо-чийме сүрөт түшүрүлөт. М-нын алдынкы жагы аверс жана арткысы реверс деп аталат. Болжол менен биздин заманга чейинки 685-ж. Лидия мамлекетинде (Ардиз падышасы учурунда) алтын же күмүш М-лар пайда болгон. Анын бир бетине проба коюлуп, экинчисине ассирия арстанынын келбети түшүрүлгөн. Кийинчерээк акча-товар мамилелери менен сооданын өнүгүшүнө байланыштуу. М. Грекия, Байыркы Рим, Индия, Кытай ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган. Кыргызстанда алгачкы М. коллекциялык түрдө 100 сомдук номиналда алтын жана 10 сомдук номиналда күмүштөн жасалып, 1995-ж. 11-августта

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. Ошондой эле Ош ш-нын 3000 жылдыгына, Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине, Улуу жибек жолу, Чыңгыз Айтматовдун элесине, анын чыгармаларына арналган ж. б. коллекциялык М-лар латун жана никелден жасалган. Коллекциялык М-ларда негизинен архитектуралык эстеликтер, Кыргызстандын жаратылыш дүйнөсү чагылдырылган. Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган жогорку чеберчиликтеги М-лар топтому Санкт-Петербург ш-нда өткөрүлгөн эл аралык сынакта «БИВЛИО-ГЛОБУС» Соода үйүнүн ардак дипломуна (2010), «Улуу жибек жолу» М-сы Берлинде «Жылдын мыкты монетасы» сынагынын лауреаты (2013) болгон. М-ны иштеп чыгуу ж=а чыгаруу - КР улуттук банкынын негизги милдети.