МОНАКО (шаар): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНАКО - Монако Княздыгынын борбору. Жер Ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан. Дүйнөдөгү эң кичине шаар (аянты 1,95 км2). Калкы 3 миң (2006). Негизинен шаарда о. кылымдын көрүнүшү басымдуу. 16-18-к-дын тектир бакчалары менен кварталдары сакталып келүүдө. Княз-
дардын ак сарай комплекси, музейлер (океанография аквариуму менен, алгачкы антропология), псевдороман стилиндеги кафедралуу собор (19-к.), Ла Мизерикорд капелласы (17-к.), китепкана (фонду 12 миң), архив (13-18-к-дын документтери жана 1640-жылдагы княздыктын акчасы сакталууда), музыка академиясы бар. Көптөгөн эл аралык уюмдардын (гидрография бюросу, туризм академиясы) борбору. 13-14- к-дагы чептин калдыгы, 16-19-к-дагы ак сарайлар, 16-18-к-дын турак-жай кварталдары сакталган. Эл аралык жолугушуулар (негизинен океанографияга тиешелүү) жана жыл сайын теннис боюнча ири турнирлер, музыка жана цирк фестивалдары, «Формула1» автожарышы өткөрүлүп турат. Экзотика багы (миңдеген сейрек кездешкен өсүмдүктөрү менен) уюштурулган. Туризм өнүккөн.
