МОМУШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОМУШ Шапак уулу (1910, Кочкор р-ну, Кара­Суу айылы - 18. 2. 1986, ошол эле жер) - манас­чы. Белгилүү манасчыШапактын уулу. 1981-ж. андан «Манас» (9251 сапыр), 1985-ж. «Семетей» бөлүмүнөн (1600 сап ыр) ж. б. айрым эпизоддор жа­зылып алынган жана КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. М-тун варианты атасы Ша­пак Рысменде уулу менен С. Каралаевдин вариантта­рына үндөш. Ал көбүнчө «Чоң казатты» көркөмдүк деңгээлин төмөндөтпөй, «Семетей» бөлүмүнөн Семе-

тейдин Букардан чыгышы, жолдон Коңурбайга жолугуп, аны менен беттешип жеңиши, Таласка жол жүрүшү, Семетейдин Үргөнчтү кечиши сыяктуу кеңири белгилүү салттык эпизоддор­ду чебер айткан. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.