МОМУН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОМУН (Абдымомун) Шамурзак уулу (т., өлгөн жылы белгисиз) - 1873-74-ж. Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштү жетектегендердин бири (к. Кокон көтөрулуштөру, Искактын көтөрулушу). Кокон ордосундагы беделдүү, таасирдүү инсан. Өз мезгилинде Алымкулдун жардамы менен «ата­лык» даражасына жеткен. 1865-ж. Ташкенттин Россияга каратылышынан кийин М. Кудаярга кызмат кылуудан баш тартып, курама элине кетип калган. 1875-ж. октябрда Искак Кокон­ду ээлеп, кыска мөөнөттө хандык жүргүзгөн мезгилде, Искактын кол башчысы катары олут­туу роль ойногон. 1876-ж. февралда орус аскери Кокон ш-н алганда М. туткунга түшкөн. М. жана Батыр төрө баштаган көтөрүлүштүн жетекчи­лери март-апрель айларында Кожентке, андан ары Ташкентке айдалган. Т. Кененсариев.