МОМОЛОЙЛОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОМОЛОЙЛОР (Мюгойпае) — кемирүүчүлөрдүн аламандар тукумунун тукумчасы. Дене уз. 10- 12 см, кээде 36 слгге жетет. Жону көгүш же күрөңүрөөк. Көбүнүн азуу тиштери дайыма өсүп турат. М-дун 40тан ашуун уруусу бар, анын жа­рымынан көбү тукум курут болгон. КМШ өл­көлөрүндө 12 уруусу, 43 түрү, Кыргызстанда 6 түрү кездешет. М. материктерде, Түндүк жарым шар­дын көпчүлүк а-нда, Инди, Япон, Курил ж. б. а-дын түндүк жагында тоолордон океан жээктери­не чейин таралган. М. кургакчылык жана азык көп жылы өтө көбөйөт. Ачык ландшафттуу жер­лер М-дун түрүнө бай келет. Чээнге кирбейт. Азы­гынын көбү - өсүмдүк; кээси кышка азык кам­дайт. Көбү - а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечи жана айрым жугуштуу оору козгогучтарды алып жү­рүүчүлөр. Кээ биринин териси баалуу. 1 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.