МОЛЬЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛЬЕР (чын аты-жөнү - Жан Батист П о к­л е н; 15. 1. 1622, Париж - 17. 2. 1673, ошол эле жер) - француз драматургу, актёр, театр ишме­ри. Клермон кол­лежин бүткөн (1639). Реалист­тик драматургия­га негиз салган. «Жогорку коме­дия»

жанрын тү­зүүчү. «Көркөм те­атрды» (1643) уюштургандар­дан. Кыдырып жүрүүчү театр труппасы менен элге өнөр көрсөтүп, ча­кан күлкүлүү пье­саларды жазган. Алгачкы «Эрке» (1663), «Ма­хабат өкүнүчү» (1663) аттуу көлөмдүү комедия­ларында карапайым элдин турмушун сүрөт­төгөн. М-дин даңкын чыгарган «Тартюф» (1664), «Дон Жуан» (1665), «Мизантроп» (1666) коме­диялары. Аларда ак сөөктөрдүн эки жүздүү­лүгү, диний моралдын жалгандыгы ашкереле­нет. М-дин комедиялары Россия театрларын­да 18-к-дан коюла баштаган. Чыгармалар кыр­гыз тилине которулган («Жорж Данден же акмак болгон күйөө», 1939, которгон У. Абду­каимов).

Ад.: Булгаков М. Жизнь господина де Мольера. М., 2010.