МОЛДОКУЛОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛДОКУЛОВА Эсенбүбү (25. 2. 1941-жылы туулган, азыркы Талас обл., Талас р-ну, Кең-Арал айы­лы) - опера ырчысы (драмалык сопрано). Кыр­гыз ССР эл арт. (1986). 1958-ж. Фрунзе медициналык окуу жайын, 1962-ж. Москвада­гы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын алдын­дагы музыкалык окуу жайын, 1972-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана

балет театрында солист. Көрүнүктүү партия­лары: Айчүрөк, Ажар, То­туя, Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Алтынкыз», «Токтогул», «Манас»), Кишимжан (М. Абдраев, «Олжобай менен Ки­шимжан»), Гүлмира(Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту») ж. б.; классикалык опералардан: Лиза, Иоланта (П. И Чайковский, «Карганын маткеси», «Иоланта»), Наташа (А. Даргомыжс­кий, «Суу периси»), Эльвира (В. Моцарт, «Дон Жуан»), Микаела (Ж Бизе, «Кармен») ж. б. партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.

Репертуарында кыргыз, орус композиторлору­нун ырлары бар. Элдик ырларды да мыкты ат­карат. Медалдар менен сыйланган.

Э. Молдокулова - Лиза. П. Чайков­ский. «Карганын маткеси» операсы.