МОИСЕЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОИСЕЕВ Игорь Александрович [8 (21). 1. 1906, Киев - 2. 11. 2007, Москва] - советтик балетмейстер, СССР эл арт. (1953), Кыргыз ССР эл арт. (1975).

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976). 1924-ж. Москва хореография окуу жайын бүткөн. 1939-жылга чейин Чоң театрдын балет труппасынын солисти. 1930-ж. Оранскийдин «Футболчу» (Л. Лащилин менен бирге), 1932-ж. Арендстин «Саламбо», 1958-ж. Хачатуряндын «Спартак» ж. б. балеттерди койгон. М. - советтик элдик сахна бийин негиздегендердин бири. 1937-
жылдан СССР элдик бий ансамблин түзүп, аны 50 жылдан ашык жетектеген. М. ар элдин бий өнөрүнүн өзгөчөлүгүн сактап, аларды өзгөчө образдуулук менен каныктырган. Кыргыз ССРнин 50 жылдыгына карата койгон «Ала-Тоодогу майрам» бий композициясы - буга далил. Элдик бий менен хореогр. искусство жөнүндө теориялык макалаларды жазган. Лениндик сыйл. (1967), СССР мамлекеттик сыйл. (1942, 1947, 1952) лауреаты. Үч Ленин I, II даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени жана медалдар менен сыйланган.

