МАЖОРИТАРДЫК ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЖАРИТАРДЫК ШАЙЛОО СИСТЕМАСЫ (фр. majorité - көпчүлүк) - өздөрү добушка коюлган шайлоо округу боюнча добуштардын көбүнө ээ болгон тарапкерлерди шайланды деп эсептеген шайлоо системасы. М. ш. с-нын абсолюттуу көптүк, салыштырма көптүк жана квалификациялуу көптүк деген түрлөрү бар. Абсолюттуу көптүк М. ш. с. учурунда эгер талапкер шайлоо округу боюнча берилген бардык добуштардын жарымынан көбүрөөгүн алса, ал шайланган болуп эсептелет. Салыштырма көптүк М. ш. с. учурунда бардык башка атаандаштарга караганда талапкер көбүрөөк добуш алса эле жетиштүү болот. Квалификациялуу көптүк М. ш. с. учурунда күн мурунтан белгиленген добуштардын үчтөн эки же төрттөн үчүнө, башкача айтканда жарымынан көбүрөөгүнө ээ болууга тийиш (бул өтө эле сейрек колдонулат). М. ш. с. учурунда ар бир шайлоо округунан бир эле депутат шайланууга тийиш, бирок кээде (мисалы, Францияда) тизмелердин системасы колдонулат, ага ылайык көпчүлүктү топтой албаган талапкерлерге берилген добуштар жоголгон болуп эсептелет. Өзүнүн кемчилигине карабастан, мамлекеттердин көпчүлүгүндө пропорциялык шайлоо системасы менен кошо колдонулууда. Мисалы, парламенттин төмөнкү палатасы пропорциялык система менен шайланса, жогорку палатасы можаритардык система менен шайланат. Азыркы учурда салыштырма көпчүлүктү түзгөн М. ш. с. АКШ жана Улуу Британияда, абсолюттуу көпчүлүктү түзгөн М. ш. с. - Францияда колдонулууда. 2002-жылдагы шайлоолордо КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү М. ш. с-. боюнча шайланышкан.