МОДЭ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДЭ, М а о д у н, М о а Т у н, М о д у (биздин заманга чейинки 234-174) - хунн империясын негиздөөчү, шануй (биздин заманга чейинки 209-174). Хунндардын ак сөөк уруусунан чыккан Томандын [Тумын, Тоумань, кыргыздарда Түмөн, кээ бир вариантында Или хан (Иле д-нын атынан), же Эл хан (эл, держава), азиялык тарыхчыларда Кара хан] тун уулу. Айрым окумуштуулар (Н. Я. Бичурин ж. б.) анын өмүр жолун мусулман тарыхындагы Өгүз (Огуз) ханга (к. «Огуз намэ») окшоштурушкан. Кытай тарыхында атасы М-ни сүйбөй, согдуларга атайлап ак уйлуу кылып жибергени, бирок М. алдын-ала билип калып, сакчыны өлтүрүп качып чыкканы айтылат. М. биздин заманга чейинки 209-ж. атасын өлтүрүп, хунндарга император болуп жарыяланган. Ал согдулар менен тынчтык келишим түзүп, чыгыштагы дунху урууларын жана түштүктөгү юэчжилерди караткан. Биздин заманга чейинки 201-ж. 300 миң кол менен Кытайга (Байыркы Цинь империясы) каршы аттанган. Биздин заманга чейинки 200-ж. Дай провинциясындагы Байдын кыш-нын (азыркы Датун) жанында Кытай императорун 320 миң колу
менен курчоого алып, «тынчтык жана туугандык» келишимин түзүүгө аргасыз кылган. М. өлгөнгө чейин Кытай императору ага белек тартуулап турган. М-нин тушунда хунндар азыркы Моңголияга толук жана түндүгү Байкал көлү, түштүгү Алашан чөлү, батышы Балхашты кучагына алган чоң аймакка ээ болгон.
Ад.: Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Гумилёв Л. Н. История народа хунну. М., 2008.