МОДУЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОДУЛЬ (латынча modulus - чен) т е х н и к а­д а - 1) кандайдыр бир негизги коэфф-тин же чоңдуктун аталышы (мисалы, тиштүү бириктир­гич модулу, серпилгич модулу, комплекстүү сан модулу); 2) курулуштагы же архитектурадагы шарт­туу бирдик. Ал имарат же комплекс бөлүктө­рүнүн өлчөмдөрүн координациялоодо колдону­лат; 3) ар кандай техникалык түзүлүштөрдө (татаал түзүлүштүн бөлүгү) өзүнчө иш аткаруучу жана деталдардын өз ара бири бирин алмаштыруучу комплекстерди бириктирүүчү түйүн; 4) космос кемесинин курамдык бөлүгү (мисалы, «Аполон» ке­месинин негизги же орбитадагы, же Айдагы бөлүгү); 5)математикада негизи а болгон логарифм системасынан негизи Ь болгон лога­рифм системасына өтүү М-у М = 1/logа Ь саны; негизи Ь болгон х санынын логарифмасын алуу үчүн (негизи а болгон логарифм санынын сан­дары белгилүү болсо) акыркы санды өтүү М-уна көбөйтүү керек: logьх = М logьх; 6) компьютер системасынын техникалык жабдылышынын курамын­дагы блогуна бириктирилген, башка түзүлүштөр менен байланышуу мүмкүнчүлүгү бар функционал­дык бөлүгү. Системанын кызмат аткаруусун же­ңилдетет.