МОДЕРНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДЕРНИЗМ (фр. modernisme, moderne - заманбап, соңку) - 20-к-дагы искусстводогу реалисттик эмес, авангарддык багыттардын жыйындысы {символизм, футпуризм, экспрессионизм, сюрреализм ж. б.). Бул түшүнүк авангардизмдин өзүнө көңүл бурдурган классикалык салттардан баш тартуусун, субъективизм, миметикалык образДУУлук менен форма логикасынын бузулушу, абсурдизм тенденциялары, кокустуктарга табынуу, искусство менен курчап турган чындыктын ортосундагы чектердин жуулуп кетиши сыяктуу негативдик баалоолорду өз ичине камтыйт. Дүйнөлүк көркөм маданияттын бир көрүнүшү катары М-дин пайда болушу 1860-жылдарга - Европалык искусстводо жаңы тенденциялардын пайда болгон мезгилине (архитектурадагы каркастык конструкция жана темир-бетон, живописте импрессионизмдин пайда болушу ж. б.) туура келет. М. искусствосу программалык түрдө антиавторитардык, антитрадйциялык мүнөздө болот. Сүрөттөө тилинин көркөм каражаттык жаңылыктары менен ички эркиндигинен турган принципиалдуу кайталангыс чыгармаларды жаратуу максатында, көркөм чыгармачылыктын формалдуу пластикалык, композициялык жана колористтик проблемаларын арттыруу М-дин маанилүү белгилеринен болуп эсептелет. 19-к-дагы М-дин ири өкүлү болгон Ван Гог (живопись) искусствонун бардык карама-каршылыктарын чоң көркөмдүк менен чагылдырган.